Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурзат Токтосунова менен Таалайбек Сариев коомчулуктун сынына кабылганда

Нурзат Токтосунова менен Таалайбек Сариев коомчулуктун сынына кабылганда

09-октябрь, 23:07
701 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Нурзат Токтосунова менен Таалайбек Сариев мэриянын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбековго ыксыз асылууга аракет жасашып, жеке кызыкчылыктарынын айынан уятка калыштыбы? Бул боюнча соцтармактарда көпчүлүк экөөнү жемелешип, сынга алышты. 

Баарыбыз билгендей, Мирлан Таалайбеков өз ишин так, принципиалдуу түрдө аткарган кадр. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында иштеп жүргөндө, ал эреже бузган айдоочуларды “кашайтып”, жогорку деңгээлде тарбияга чакыруусу менен таанылган. Ошол кезде Нурзат Токтосунова автоунаасын минип жүрүп, Мирлан Таалайбековдун колуна түшүп калып, мыйзамга жараша жазасын алса керек. Ал эми Камчыбек Жолдошбаевдин иниси Таалайбек Сариев башаламан соода кылгандарды соцтармактарга чыгарып жатканы боюнча суроо салды. Кызык, анан эмне, “Беш-Сарыдай” ыраатсыз жата берсинби?  

Кыскасы, экөөнүн кынтык издегени, кине коюуга жасаган далалаттары суу кечпей, арык аттабай калганы ушулбу? Ириде депутат деген элдин, мамлекеттин мүдөөсүн көздөп, ошол эле учурда мыйзамдын аткарылышын да көзөмөлдөө парз. Тилекке каршы, ыксыз көрүнүштөр орун алууда. “Кой аксагы менен миң” деп бекер айтышпаптыр да...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер