Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абыкеев жарабайт! Бийлик бутактарына Турдукулов, Султанбеков, Жолдубаева келсин!

Абыкеев жарабайт! Бийлик бутактарына Турдукулов, Султанбеков, Жолдубаева келсин!

27-июль, 12:57
2 240 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-президент Алмазбек Атамбаев илимдер академиясын жоюп таштагысы келгени бир нече жылдан кийин ачыкка чыкты. Анткени аялынын жетегинде жүргөн академик А.Акаев өзүнүн лаборанттары менен Кыргызстанды талкалай баштаганда, академиянын «ардактуу» деп аталган мүчөлөрү А.Акаевдин мамлекетке каршы жүргүзгөн саясатына өз салымдарын кошушуп, кошоматчылардын армиясына айланышкан. Кумтөр мафиясынан баштап, Акүйдөгү коррупция менен мафиянын өзөгүн түзгөн да ошолор болгон.

 Президенттерге кошомат айтышып, эт менен челдин ортосунда жылуу-жумшак жүрө берген академиктер «патриоты своего кармана и желудка» деген атка конушуп, мамлекетке бир тыйынчалык пайдасы жок болуп калышкан. Тааныш-билиш аркылуу коррупциялык жолдор менен титул аттуунун баарын чогултуп алышып, элдин эсебинен каржыланып жүрө беришкен. Мындай кошоматчыларды А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева майдай жактырышса, А.Атамбаев патриот адам катары жоюп таштагысы келип, бирок батына алган эмес. Анткени академиктердин коррупция менен мафиясы Акүйдөн баштап бүткүл Кыргызстанга тарап кеткен. Саны көп, сапаты жок окумуштуулар арасында плагиаттар көбөйсө, көп сандаган окуу жайлар илим-билим базарына айланды. Базар баасы жогору болуп, «товар» өтүмдүү болуш үчүн СССР убагындагы техникум-училищелерди «академия» деп атап коюшту. Акчанын күчү менен бир эмес эки дипломго ээ болгондор жогорку кызматтарды аркалап, миллиондорду уурдаганга өтүшкөн. Мындай система 30 жылдан бери кайталанып, көнүмүш адатка айланганда, коррупция ачыкка чыгып, президент эмес Кудайдан да коркпой калышты. Кудай теңирин тааныбай көөп кеткен 200-300 коррупционердин айынан миллиондогон кыргыз эли тентип кетишсе, калгандары оор турмушта жашап, кыргыз мамлекети жок болуп баратты... Бирок үчүнчү элдик революция коррупция менен мафиянын орду түрмө экенин көрсөттү. Экс-президент А.Атамбаев жоюп таштагысы келген илимдер академиясындагы коррупционерлер түрмөгө түшүп жатышса, калгандары оптимизация, кыскартуу, тазалануудан өтүп жатышат. 

Айлана-тегерегинде жүргөн анча-мынчалары кала беришиптир, капиталисттер түзүп беришкен эски Конституцияны реставрация кылышып, ревизиядан өткөрүштү. Бирок түшүнүгү тар немелер Кыргызстанды талкалап келген Конституциянын 90 пайызын калтырып, калган 10 пайыз өзгөртүүлөрдү “жаңы Конституция” деп атап коюшту. Эң негизгиси, Кудайындай көрүп алган Венециялык комиссия макулдугун берип, башын ийкеп койсо болду. «30 жылдан бери капиталисттердин жетегинде келатып жок болуу чегине жеттик, ошондуктан алар таңуулаган Конституцияны өздөрүнө кайтарып берип, жаныбыздагы Россия менен Кытайга шайкеш келген өзүбүздүн Конституцияны түзөлү» дегенге түшүнүктөрү жеткен жок. Ал аз келгенсип, анча-мынчага мээси жетпегендер кайрадан чогулуп улуттук кеңешме түзүп алсак дегенге эки көздөрү төрт болууда. Талашып-тартышып, ортодон жыра тартып, чуру-чуу күрүгүү болуп жүрө бергилери келишет. Мындай меланхоликтерди, мындай демагогдорду тез аранын ичинде таркатып ийбесе, бүгүнкү бийликтин чечкиндүү аракеттерине тоскоолдук жаратып, убакытты уттуруп ийүү коркунучу бар. Бүгүнкү саясый-геосаясый окуялар ушунчалык тездик менен болуп жатса, Кыргызстандын өнүгүү процесси андан да тез болушу керек. 30 жылдан бери келаткан көйгөйлөр тез аранын ичинде чечилип, катачылыктарга жол берилбеши керек. Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катарына мамлекеттик катчы катары Чолпонбек Абыкеев келди. Эске салсак, өткөн жылы АКШнын госсекретары Майк Помпео Борбор Азияны түрө кыдырып, Кытайга каршы үгүттөп жүргөн эле. Ал эми Абыкеевдин айтканына кулак салсак, эстетика-этика жөнүндө кеп кылып, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленерин айтты. Э кокуй, далдайган кебетеси болуп туруп, өзүн маданият министринин кичинекей орун басары катары сезип алганбы? Деңгээл! Министрликте эстетика-этикага көз салып, культ-массовый иш-чараларды өткөрө турган оргкомитет деген бар да, анын эмнесин кеп кылат? Жогоруда айтылган госсекретарь Майк Помпео той-тамашамааракелерди өткөрүп, клоун-шутник-затейник болуп жүрсө, АКШнын ашмалтайы чыкмак. Кыргызстанда болсо мамлекеттик идеологияны түзчү адамдар орун талашып, «мен инфаркт болдум, мен инсульт болуп кала жаздадым» деп дөөрүп турушса, покко жарабайбыз. «Калк айтса – калп айтпайт» дейт кыргызда.

Президент Садыр Жапаровдун айланасында илгери-кийин аты-жыты билинбеген Сүйүнбек Касмамбетов, Медет Букуев, Арслан Койчиев деген ачкөздөр чогулуптур. Базарга айланган окуу жайлардын базаркому болуп алган Медет Букуев дегени ар бир ректордон 50 миң доллардан алары ыраспы? Президент Садыр Жапаровдун кулактарын ушалап, финполиция менен УКМКнын АКСин жаптырып, андан кийин баштаган экен да өз иштерин. Мындай шылуундардан кутулуунун жолу эң жөнөкөй. Аттары аталган үчөөнүн ордуна кыргыз элине белгилүү болуп калышкан «Социал демократтар» Темирлан Султанбеков, Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаевадай таза жаштар келишсе, коррупцияга батып калган ачкөздөргө караганда жүз эсе өйдө иштеп беришмек. Көзү ачыктардын айтымында, Кыргызстанга жаш президент келгенде өнүккөн мамлекетке айланат имиш. Кыргыз жаштарынын лидерине айланган Темирлан Султанбеков өзүнөн баштап көз айнегине чейин кадимки Турдакун Усубалиевдин өзү болуп турбайбы. Мындай тарыхый адамдарга президент Садыр Жапаров көңүл бөлүп, өзүнүн орун басары катары даярдап чыгарса, акылмандуулугун көрсөтөт. 

Эми кайрадан госсекретарь жөнүндө кеп кылсак, Абыкеев Чолпонбек мырза саясый аренага чыгып алып, дөңкөйүп жүрө бербей, духу күчтүү, орустар айткандай «расчётливый-точный, смелый» болушу керек. Кыргызстанды каптап кеткен динчил фанаттарды өткөн кылымдагыдай медреселери менен жоюп, окуу жайлардагы коррупция менен мафияны жок кылышы керек. Алардын окуу программаларында кемчиликтер толтура экени элге белгилүү. Буга чейин көп жолу айтылып, бирок кыргыз эли түшүнө албаган коммунисттик идеологияны калыбына келтирсе, абдан чоң иш жасаган болот. Бири-биринен эч айырмасы жок коммунисттик идеология менен кыргыз элинин улуттук идеологиясы Кыргызстанды цивилизацияга жеткиргенин эсинен чыгарбашы керек. 


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер