Дүйнө олку-солку абалда турганда, мамлекетибиздин ички тартиби бекем сакталышы абзел
Ушул жылдын декабрь айынын башында Сирияда орун алган согуштук төңкөрүш жалпы эле дүйнөлүк геосаясатка катуу бүлүк салып койду. Биз “Дүйнө дүрбөлөңү” аттуу макалаларыбыздын уландысы катары кыскача кириш сөз жазууну эп көрүп турабыз.
Бүгүнкү учурга салыштырмалуу дүйнө түзүмүнө болгон көз караштарга ылайык, эки парадигма бар. Анын биринчисин америкалык окумуштуу-аналитик, социалдык философ жана политолог, АКШнын Гарвард университетинин профессору Самюэль Хантингтон сунуш кылган. Окумуштуунун 1996-жылы жарык көргөн "Цивилизациялардын кагылышы" ("Столкновение цивилизаций") аттуу китеби бүгүнкү күндүн эң кадырлуу бестселлери болуп келет. Анын теориясына ылайык, XXI кылымдагы дүйнөлүк конфликттер идеологиялардын, экономикалык өзгөчөлүктөрдүн же геосаясаттын жылаңач көрсөткүчтөрүнөн улам эмес, болгондо да маданияттардын, б.а. "цивилизацияланган маданий чек араларында" гана орун алуусун далилдеген. Хантингтондун пикири боюнча адамзат согушсуз жашай албай калды делинет. Ар бир дүйнөлүк цивилизация өзүнө мүнөздүү "өздүк идентификациясын" ырастоо үчүн агрессивдүү жолдорго барат.
Ал эми экинчи парадигманын автору Фрэнсис Фукуяма. Ал дагы белгилүү америкалык окумуштуу-политолог. Бул болсо 1989-жылы "Тарыхтын ойрондолушу" ("The End of History") аттуу монография жазган. Ал эмгегинде профессор Фукуяма адамзаттын өнүгүү тарыхындагы катаал идеологиялык конфликттерден кийин "жумшак либералдык демократиянын" үстөмдүгү жеңет дагы, дүйнө жүзүндө биротоло тынчтык орнойт (!) деп билдирген. Алтургай мындан ары адамзат тарыхынын "кызыксыз" эле доору орун алары гипотеза катары сунушталган.
Албетте, академиялык чөйрөдө аталган профессорлордун көз караштары ар тараптуу изилденип келет. Кошумча да канчалаган идеялар айтылып жүрөт. Бирок, азыркы күндөгү курч маселеге айланып бара жаткан “Сирия синдрому” дүйнө жүзүнө катуу дүрбөлөң салып кирди... Анын контекстинде алгачкы ирет өзүбүз жашаган Кыргызстаныбызга аталган окуялар кандай таасир бериши мүмкүн?
Өлкөбүздөгү саясый-экономикалык кырдаал ошол сырткы катаклизмдерге татыктуу туруштук бере турган абалдабы? Эмне кылуу керек? Кандай алдын ала чараларды кароо зарыл? Кечээ белгилүү саясатчы жана согушчан адис Яков Кедми Сириянын расмий бийлигинин тез арада эле куулуп кетишинин башкы себептери катары өлкөдө орун алып калган ири коррупцияны атады. Сирия элинин акыркы 10-15 жылдагы оор турмушунун азабы да ошол куураган паракорчулук, тууганчылык, жердешчилик менен байланыштуу экендиги ачыкталып жатпайбы. Ошондуктан, президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы ачкан айыгышуусуз күрөшү жалпы элдик колдоого гана ээ болуусу шарт! Анын командасы паракорлордун беткаптарын сыйрып, канчалык ашкере кылган сайын, алар ошончолук көшөкөрлүк менен кайра күчөп жатышат. Жакындагы эле салык кызматынын башчыларынын коррупцияга малынган фактылары эмнени айтып турат? Ал эми бажы тармагычы? Алардын мындай наадандык менен кутура баштагандарынын артында кайсы күчтөр жана кимдер турушат? УКМКнын төрагасы, генерал Камчыбек Ташиевдин акыркы пресс-конференциясындагы чечкиндүү сөздөрү бекеринен айтылган жок! Менимче, коррупцияга каршы күрөштүн чечүүчү этабы башталды. Артка кайтуу же абалды бошоңдотуу жөнүндө ой да болбошу керек! Азыр дүйнө өзү олку-солку болуп турганда, мамлекетибиздин ички тартиби мурда болуп көрбөгөндөй бекем сакталышы абзел. Ошондо гана өлкөбүздүн коопсуздугун толук сактоого мүмкүнчүлүк алабыз!
Каныбек Осмоналиев, профессор
"Азия Ньюс" гезити