Аманбай Кайыпов уулун үйлөндүрүп, дүңгүрөтө той бергени турат

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Аманбай Кайыпов 25-октябрь күнү уулун үйлөндүрүп, “Салтанат Палас” ресторанына үлкөндөрдөн тарта атбашылык туугандарынан бери чакырып, дүңгүрөтө той бергени турат. Катар-катар жылкы союп, арак-шарабын арбын белендеп, столду титиретүү менен оюн-зоокту баштамакчы. Албетте, Аманбай мырзанын уулуна бакыт каалайбыз! Бирок, медалдын экинчи бетине келсек, учурда мамлекеттик чиновниктер кулагына чейин майланышып, жума сайын бери жагы үч-төрт тойдон калышпай, кызматты экинчи планга калтырышып, сайрандап кетишкени жалганбы? Бул көрүнүш бүгүнкү күндөгү дээрлик аткаминерлердин жыргалбай заманына айланды. Качан бизде Өзбекстандай, Тажикстандай болуп, чиновниктердин шапар тепкени, тойлогону тыйылат болду экен?
Aryba.kg