Турсунбек Акун: “Парламент Текебаевдин убагында аткаруу бийлигин иштетпей, өз билгендерин кылышчу”


-- Турсунбек мырза, бир эле чакырылыштан 20дай депутат ар кандай жагдайларда мандаттарын тапшырышты. Бул нерсе парламенттин кадырын кетирип койгон жокпу?
-- Жогорку Кеңеш табиятынан өкмөткө, президентке, коомчулукка көз каранды эмес, өз алдынча институт. Кыргыз Республикасында үч бийлик бутагы болсо, парламент мыйзам чыгарган абройлуу бийлик бутагы.
Жогорку Кеңештин функциясына көзөмөлдөө, мыйзам чыгаруу жана өкүлчүлүк кирет. Ошондуктан, депутаттар сүйлөгөн сөзү, айткан кеби үчүн бирөөлөргө көз каранды болбошу жана саясый позициясы үчүн кандайдыр бир жаза албашы керек. Бул кызмат – өтө чоң даражалуу. Жогорку Кеңешке президент, премьер-министр жана өкмөттүн мүчөлөрү, башкы прокурор, Жогорку соттун төрагасы, омбудсмен отчёт берип келген.
-- Мандаттардан баш тартуу Конституцияда жазылган беренелерге шайкеш келип жатабы?
-- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 3-пунктунда Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамда каралган тартипте жана учурларда чакыртылып алышы мүмкүн экени жазылган. Конституциянын 79-беренесинде кайсы убактарда депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулары боюнча так, даана жазылган. Мисалы, алар “ыйгарым укуктарым токтотулсун” деп арыз бергенде, жарандыктан чыкканда, мандатын өзү чакыртып алганда, башка ишке өткөндө, шайлоолордо жараксыз катары табылганда, республиканын аймагынан чыгып кеткенде, соттолсо, сессияга жүйөсүз себептер менен он жолу катышпай калганда, дайынсыз жоголуп кеткенде же каза болгондо, депутаттык мандаттары тапшырылат.
Мен санаган жагдайлардын бири да жок туруп, көп депутаттар мандаттарын тапшырышты. Таңгалганым, арыз жазат да, кетип калышат. Эмне үчүн арыз жазганынын себебин да айтышкан жок. Ошондон уламбы, “Жогорку Кеңеш нотариустун ролун аткарган эле деңгээлде болуп калды” деген сөздөр коомчулукта айтыла баштады.
-- Кандайдыр бир коркунучтар, камалып кетүү жагдайлары жаралган го?..
-- Бир чети көп депутаттардын арты таза эмес. Алар акчанын күчү менен шайланышкан. Кылмыш ишин жабуу, бизнесин сактоо үчүн, же бийликке жетүү максатында шайланып алышкан. Кыскасы, алар “шайлоочулардын ишенимин актайм, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшөм” деп келишкен эмес. Кетип аткандардын көбү ошондой максат менен келгендер. Ак, таза болушканда УКМК канчалык суракка чакырып, коркутуп, камаса дагы өз каалоолору менен арыз жазып, мандатын тапшырышмак эмес. Булганышпаса эч нерседен коркпой, баарын ачык айтып чыгышмак. УКМК эмнеге чакырды, кандай күнөө койду, эмне деген сөздөр айтылды? Дегеле күч органдары куугунтук жасашса, ачык айтып, күрөшсө болот да. УКМКдан сурактан чыккандан кийин эле арыз жазып, мандатын тапшырышканы – депутаттардын өздөрүнүн күнөөсү деп ойлойм. Журналисттер мандат тапшырышканынын себебин сураса да, жооп бербей качып жатышат. Кыскасы, трибунадан кыйын болгондордун баары телефондорун өчүрүшүп, жооп бербей ойт беришти. Мисалы, Нуржигит Кадырбеков кандай сүйлөчү эле? Коюлган доомат боюнча түшүндүргөн жок. Мындай учурда башын кумга катып алса, эл туура эмес ойлоп калат да.
-- Ооба, көмүскөдөгү кысымдардан коркушуп, жеке эркиндиктерин ойлоп гана калышкандай...
-- Андай болушу да мүмкүн. Азыркы бийликтин эң чоң катачылыгы – парламентке карата жасаган аракеттери. Депутаттарды мандаттарынан айрыганы Жогорку Кеңештин кадырын кетиргенге барабар иш. Ошондой эле көз карандысыз институтту президенттин алдындагы иш башкармалыкка баш ийдирип койду. Бухгалтериясы, каржысы, командировкасы, деги койчу, унааларынан бери министрлер кабинетине толугу менен баш ийет. Андан тышкары, мандатын тапшырып кетип жаткандардын 90 пайызы өз пикирин эркин билдирген, чындыкты сүйлөгөн, бийликти сындаган, кээ бир мыйзам, токтомдорго каршы чыккан депутаттар эле. Алардын мандаттарын алышып, туура эмес кылышууда. Сот органы кандай көз карандысыз институт болсо, Жогорку Кеңеш андан чоң, президент менен теңтайлашкан тармак. Депутаттарды УКМКга чакыртып, ролун төмөн түшүрүп койгону туура эмес. Бул нерсе аткаруу бийлигине, жалпы эле бийлик өкүлдөрүнө аброй алып келбейт. Вице-премьер дагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын аброюна шек келтирген сөздөрдү айтты. Аны депутаттар "кызматтан кетсин" деп чечим чыгарды. Бирок кылы кыйшайбастан эле ордунда иштеп жатат. Кыскасы, туура эмес иштер көп эле болууда...
-- Мүмкүн парламент да ошондой катачылыкка жол бергендир?
-- Ооба, катачылык Жогорку Кеңеште да көп. Бир мезгилде парламент бүт бийликти колуна алып, ар кайсы кадрды кызматтарга коюп, билген талканын чалган. Текебаевдин убагында аткаруу бийлигин иштетпей, тепкилеп, өз билгендерин кылышчу. Мурдагы парламент реформага чоң тоскоол болчу. Азыркы парламент элпек, президент, өкмөт кабыл алган чечимдерди колдоп жатышат.
Учурдагы бийликтин аракетинен кийин бетине суу чачкандай болуп, эстерине келип калышты. Бирок, кандай болгон күндө да бийлик, УКМК Жогорку Кеңештин депутаттарына мындай чабуулду токтотуп, депутаттардын эркиндигин камсыз кылып, көз карашы, позициясы боюнча куугунтукка албашы керек.
"Азия Ньюс" гезити











