Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбай Тайлаков: “Бүгүнкү күндө ашыкча баа көтөрүү жок, баары негиздүү”

Кеңешбай Тайлаков: “Бүгүнкү күндө ашыкча баа көтөрүү жок, баары негиздүү”

12-август, 12:00
438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директору менен маек.

-- Учурда жашылча-жемиштердин баасы жылдагыдан кымбат экенине эл нааразы. Сиздер тараптан көзөмөл кандай болууда?

-- Мен мурдатан белгилеп айтып жүргөндөй, жашылча-жемиштер сезондук мүнөзгө ээ. Картошка менен 100% өзүбүз камсыз кылабыз. Бул бизде эле эмес бүткүл дүйнөдө ушундай. Жашылча-жемиштерге баа коюлбайт, суроо-талаптарга жараша иш жүрө берет. Түшүмдүүлүк көбөйгөндө баа ылдыйлайт. Бүгүнкү күндө ашыкча баа көтөрүү жок, баары негиздүү. Мисалы, этти алсак, малды мурдагыдай 30-40 миңге ала албайсың. Картошканын дүң баасы бүгүнкү күндө 28-30 сом, аны фермерлерге барып “түшүр” десең, ал “чыгымым кетти” дейт да. Ошондуктан эки тараптуу карашыбыз керек. Кумшекердин баасын түшүрүш үчүн фермерлердин өткөргөн кызылчасынын баасын ылдыйлатыш керек. Ошол керекпи бизге? Анын бардыгын 63 сомдон алгандан кийин кайра иштетет, тазалайт, маяна берет, соцфонду бар, салык төлөйт – ошонун баары эсептелет да. Ачыгын айтканда, коон, дарбыз, помидор, бадыраңдын баасын биз көзөмөлдөбөйбүз. Рыноктогу суроо-талапка жараша кайсы ишкер болбосун өздөрү алып келип сата берет. Суроо-талап көбөйгөндө баа жогорулайт, азайганда түшөт. Биздин “помидор, бадыраңдын, коон, дарбыздын баасын ушунчадан кыл” дегенге ыйгарым укугубуз жок.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер