Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаш кызды сүйүп калып, дубалатып алгым келди...

Жаш кызды сүйүп калып, дубалатып алгым келди...

18-апрель, 14:34
1 811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашы элүүдөн өтүп калган киши жаш кызга ашык болгонун айтып, сырын бөлүштү. Анын айтымында, үй-бүлө куруп, бала чакалуу, неберелүү болуп калганда жаш кызды жактырып калган. Ал жүрөгүндө жашаган адамды унута албай, сырын баракчасына бөлүшкөн. 

"Мындан бир нече жыл мурун сүйүктүүсү бар бир кызга көзүм түшүп, ашык болдум. Жумушума байланыштуу ал кыз мага келип калды. Мен аны көргөндө эле башкача сезим курчады.  
Бир күнү мага байланышып, жардам керек экенин айтты. Мен ушуну эле күтүп тургансып, кубануу менен дароо эле макул болдум. Эмнегедир ал кыз такыр оюман кетпей калды. Күндө телефонуна түрлүү смстерди жөнөтүп турдум. Убакыттын өтүшү менен ал мага смс жазбоомду суранып, бул үчүн жигити экөө урушкандыгын айтты. А бирок, мен аны оңой эле унута албадым... Жубайым курбусу экөө ошол кыз менен жазышкандарымды окуп коюптур. Айла жок ошентип урушуп-талашып жатып акыры аялым менен элдештим. Анткен менен ошол күндөн бери өзүмө келе албай жүрөм. Мындай катуу сүйүп каларымды өзүм деле ойлобоптурмун. Чынын айтсам, кээде туруп аны өзүмө каратуу үчүн дубалатып алууну да ойлодум. 
Бирок буга бара албадым. Кийин уксам, мага ошол кезде “жигитим бар деп калп айтыптыр. Ал башка бала менен таанышып, ошого турмушка чыгыптыр. Азыр бактылуу экен. Канчалык аялыма тартылып, тиги кызды унутайын (!) дегеним менен баары бир жүрөктө жашай берет экен".

Аскар А. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер