Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Аманбаев: “Биздин адистер Кыргызстанда отуруп алып эле дүйнөлүк ири компаниялар менен иштешип, эң чоң маяналарды алса болот”

Бакыт Аманбаев: “Биздин адистер Кыргызстанда отуруп алып эле дүйнөлүк ири компаниялар менен иштешип, эң чоң маяналарды алса болот”

02-сентябрь, 19:03
266 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын АКШдагы элчиси менен маек.

-- Бакыт мырза, элчилик кызматка көнүп калдыңызбы? Жумуш оор эмес бекен?

-- Албетте, элчиликтин иши жеңил эмес. Себеби, дүйнөдөгү эң чоң державалардын бири болгон, бардык тармактан өнүккөн өлкө менен байланышты чыңдоо, кайрадан калыбына келтирүү оңой эмес экен. Билесиздер да, мурдагы президенттин мезгилинде эки тараптуу келишим бир тараптуу токтотулуп, байланыш дээрлик үзүлүп калган. «Биз Америка менен иштешпейбиз» дегендей мамиле болгон. Соңку бир жарым жылдан бери саясый диалогдор башталды, билим берүү жаатындагы бардык алмашуу программалары иштеп жатат. Буюрса, жакшы жылыштар бар. Элчинин негизги иши – Кыргызстанды таанытып, өлкөбүзгө кызыктыруу да. Бул жагынан жакшы иштер жасалып жатат. Эң башкы максатыбыз – Кыргызстандын экономикасын көтөрүү, президентибизге жардам берүү. Билесиздер да, мен учурунда журналист катары радиодо, теледе, мамлекеттик кызматкер катары аткаруу бийлигинде да иштегем, вице-мэр, президенттик аппараттын башчысы болгом. Кыргызстандын экономикасын, анын артыкчылыктуу тармактарын да, көйгөйлөрүн да жакшы билем. Ушул жагынан алганда, иш жеңил кетип атат десем болот. Акүй, мамлекеттик департамент, Конгресс менен байланышым жакшы.

-- Элчилик азыр кандай иштерди аткарып жатат?

-- Биринчи күндөн баштап элчилик беш багытта иш алып барууда. Биринчи багыт – бул Кыргызстанда IT, тагыраак айтканда, маалымат технологиясын өнүктүрүүгө жетишүү. Себеби, пандемиядан кийин дүйнө жүзүндө абдан чоң, фундаменталдуу өзгөрүүлөр болууда. Жаңы багыт пайда болду десек болот. Дүйнө экономикасы мурдагы ресурска, жаратылыш байлыктарына негизделген экономикалык түзүмдөн жаңы багытка, жашыл экономикага, ошондой эле маалымат технологиясына өтө баштады. Дүйнө жүзүндө IT технологияга, анын жабдууларына болгон талап күндөн күнгө өсүүдө. Адамзат жашоосунун 99 пайызы IT менен байланыштуу. Билет сатып алсак да, тамак ичсек да, жолдо жүрсөк да IT, банктар, окуу да IT аркылуу. Ошондуктан, элчилик Кыргызстанга IT тармагындагы адистерди даярдоо боюнча өзгөчө иш алпарып жатат. Бул жактагы америкалык окуу жайлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, окуу жайын ачуу боюнча концепция түзүп, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров келгенде презентация жасалды. Жакында америкалык окуу жай менен Кыргызстандын 8 университетинин ортосунда келишим түзүлдү. Анын натыйжасында IT адистерди даярдоо боюнча иш башталды. Бул тармакты Кыргызстандын келечеги, анын экономикасын кыйын абалдан алып чыга турган мүмкүнчүлүк деп айтсак болот. Биздин адистер Кыргызстанда отуруп алып эле дүйнөнүн төрт бурчундагы компаниялар менен иштешип, эң чоң маяналарды алып турса болот. Муну азыр Кыргызстанда жасап жатышат. Беш миңден ашуун инженер-программисттер дүйнөнүн 35 өлкөсү менен иштешип, алардын продукциясы 50 млн. долларга чыкты. Бул чоң жетишкендик. Жакында президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровго сунушубузду айтып, Кыргызстанда маалымат технологиясын эң маанилүү стратегиялык багыт катары жарыялап, балдар бакчасынан баштап окутабыз деген чечим кабыл алынууда. Буюрса, бул ишке ашат. Элчилик бул багытта абдан чоң иштерди алып барууда. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ЮСАИД менен чогуу 13-сентябрда Нью-Йоркто Борбор Азиянын IT адистеринин эл аралык форумун өткөрөбүз. 

Экинчи багыт – бул айыл чарба тармагы. Мен жакында Монтанага барып, штаттын губернатору, айыл чарба, соода, туризм департаменттеринин жетекчилери менен жолуктум. Монтана штатында мал чарбачылыгы аябай өнүккөн. Экспорттоо абдан жакшы жолго коюлуптур. Ангус жана вагю тукумундагы уйларды өстүрүшөт экен. Алардын салмагы биздин уйлардыкына салыштырмалуу кыйла көп. Губернатор менен жолугушкан учурда Кыргызстандагы малдын сапатын жакшыртуу үчүн тоңдурулган уруктарды берүү маселесин сүйлөштүк. Себеби билесиз да, Кыргызстанда мал бар, бирок сапаты начар. Он жөнөкөй уй баккандан көрө, он асыл тукум ангус уйларын бакса пайдалуу эмеспи. Экөөнө бирдей эле эмгек кетет. Сентябрдын аягында АКШнын айыл чарба министри Кыргызстанга барып, келишим түзөт. Андан соң биздин фермерлерди бул жакка алып келебиз. Бул чоң программа. Мен өкмөткө биринчи долбоорду Кыргызстандагы облустардын биринен баштап, анан ар бир облуска, ар бир районго жайылтууну сунуш кылдым. 

Үчүнчү тармак – бул туризм. Мен элчи болуп келгенден кийин англис тилинде абдан чоң презентация даярдап, АКШнын туристтик компанияларын чогултуп, жыйын өткөрдүм. Анан алар мени Нью-Йоркко чакырышты. Ал жерде да презентация жасап, Кыргызстандын туризм боюнча иш алпарган ишкерлерин чакырдым. Натыйжада быйыл Кыргызстанга элүүдөн ашуун туристтер барышты. 

Дагы бир багыт – бул жер жемиштерди, этти кайра иштетүү. Баткенде, Ысык-Көлдө, Аксыда жана башка региондордо пайдаланылбай калып жаткан жер жемиш аябай көп эмеспи. Бул багытта да конкреттүү, пландуу иштер алып барылууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер