Аяш бала “Чолчоңбайдан” кийинки кезек ажонун досу Бейшеналиевге келдиби?

Буга чейин президентке жакын, эрке бала катары сыпатталган Нурдан Орунтаевди парламенттен төрага Нурланбек Шакиев кагып-силкип, биринчилерден жазага тартыла турганын эскерткен. “Чолчоңбай” деп тергеп, катуу зекиген эле. Бийликтегилер ичинде оюн жүрүп жатканын туюндурганбы? Көп өтпөй “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынан депутат Камила Талиева саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге “кыргыйдай тийип”, кызматтан кетирүү маселесин көтөрүп чыкты. Анан жаалап тепкиге алып кетишти го? Кызык. Бул көрүнүштөр кокустукпу, же атайын уюшулган интригабы? Нурдан Орунтаев аяш бала болсо, Алымкадыр Бейшеналиев президенттин илгертен берки келаткан досу катары сыпатталат эмеспи. Ошондо шайлоо жакындаганы кадрлар арасында таасир талаш, “ит жыгылыштын” башталган чагыбы? Баам сала туралы. Ынтымак кетсе, ырк кантет?..
"Азия Ньюс" гезити