Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс Жоробеков: "Жаңы үй сала электе эскисин бузбай туралы"

Жолборс Жоробеков: "Жаңы үй сала электе эскисин бузбай туралы"

28-июнь, 18:51
834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өзүңүздүн балдарыңызчы? Престиждүү окуу жайлардан окутсаңыз керек...

-- Сурат, өзүң билесиң, эжең да өмүр бою ЖОЖдо мугалим болуп иштеп келет. Эң чоң уулубуз айыл чарба институтуна кирип, ийгиликтүү окуп жаткан. Бизге айтпай эле Түркияга алгачкылардан болуп барып, абройлуу бир университетти бүтүп келип, ошол адистиги менен иштеп келе жатат. Кийин өзүнүн айтымында (ал кезде апасы айыл чарба институтунда иштечү), “апасынын жардамы менен окуйт” дегенден айбыгып, Түркияга кетип калгам” деп жатпайбы. Кийинки уулум менен кызым (бири юрист, бири экономист) кызыл диплом менен Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүшкөн, бирок азыр ал адистиктери боюнча иштешпейт.

-- Эми кантип оңдойбуз, сизде сунуштар барбы?

-- Албетте, бар да. Издениш керек, акыл калчап ойлонолу. Бир адамдын пикири, ою менен эч нерсе чыкпайт. Мен деле туура эмес айтып жаткандырмын. Бул багытта өмүр бою эмгектенип жаткан “токумун жеп, жаазына кол койгон” Айылчы Сарыбаевге окшогондордон, Батыштан окуп келген өз ойлору бар креативдүү жаштардан, четтеги ЖОЖдо эмгектенип жүргөн биздин балдардан, педагогиканы аркалап жан үрөп жүргөндөрдөн, мыкчегер, кыйынмын деген тилинен чаң чыккандардан топ түзүп, бир консенсуска келүүбүз абзел. Болбосо “шефке жакшы көрүнөбүз деп “эшиктен кирип, тешиктен чыккандардан” пайда жок. Бекеринен элибизде “кеңешип кескен бармак оорубайт” деген сөз чыккан эмес да. Азыр бирдеке дейин десең эле ал шефке жакпайт. Мисалы, “Манас академиясы эмне жумуш жасайт? Адистер да, архив да илимдер академиясында эмеспи?” десең, “кокуй, ал президенттин жакыны” деп сүйлөтө коюшпайт. Мына, Акаевден бери ушинтип келатабыз. Убагында “сиз жакшы, айтканыңыз туура, тигилер душмандар, каршылар” деп атып ушу күнгө келдик. Азыр туура сөз айта турган аксакал деле калбай калды окшойт. Анткени жыйырмага жакын жашы жетип калгандар, кечээки “мыйзамдуу” түрдө мыйзамдашууга катышкандар “Эл Баатырын алсак, же дагы бир сыйлыкка илинсек” деп баардыгына макул болуп турушат.

-- Эми ушуларды Садыр Нургожоевич билет деп ойлойсузбу?

-- Д.Эйзенхауэрдин минтип айтканы бар: “Эгерде элдин азыр эмне ойлоп жатканын билгиңиз келсе, гезит окуңуз, бирок Нью-Йорктуку менен Вашингтондукунан башка” деп. Ошонун сыңарындай, азыр коомдук пикирди социалдык желелерден билсе болот, бирок фейктерден жана акчага сатылган блогерлердикинен башкасынан. Коомдук пикир – бул өтө тез өзгөрүлмө феномен. Бул жөнүндө Садыр Жапаровго шайлоосунун астында ноокаттыктар менен жолугушканда да айткам.

-- Президент менен мурда-кийин чогуу иштеп, тааныш-билиштик жок беле?

-- Жок. Садыр Жапаров депутат кезинен кийин комиссар болуп иштегенде сыртынан гана билчүмүн. Ал эми раматылык Мураталы ажы муфтий кезинде Караколдон келе жатып, “кайрыла кетели” деп Нургожо аксакалдыкына түшкөнбүз. Ал киши Мураталы ажыны баласы Садыр менен дос кылганбы, же жакындатып жүргөнбү, азыр так эсимде жок. Бирок нан ооз тийип чыкканбыз. Кийин менин кызым Америкага кетеринде саткан кызыл “вента” машинасын ал кезде депутат болуп жүргөн Садыр карындашынабы же эжесинеби алып берди деп мага балдар айтып келишкен. Бул Садыр Жапаров тууралуу анын президенттигине чейинки менин билгеним. Жакында Садыр Жапаровдун мурда чыккан “Саясатта он жыл” деген китебин окуп чыгып, чынында таңкалуума чек жок. Андагы маалыматтарды эли-журттун кенен катмары билсе жакшы болот эле.

-- Эми бүгүнкү күндө мамлекеттин астында эң негизги маселе катары эмнени айтар элеңиз?

-- Дүйнө өзгөрүп жатат, ошого карата тезирээк биз да өзгөрүшүбүз зарыл. Ошондуктан күндөн, шамалдан, суудан ала турган электр кубатын, ошондой эле электр менен иштей турган машина, трактор ж.б. механизмдерди көбөйтүшүбүз керек. Бул деген жакынкы жылдарда нефти, газ түгөнсө, же бизге бербей койсо, биз шал болуп калбай, өз турмушубузду жасай беребиз деген сөз.

-- Жолборс аке, президент Садыр Нургожоевичке да кайрыла турган сөзүңүз бардыр?

-- Албетте, сенин гезитиң аркылуу президентке айта турган пикирлер бар, айрымдары жөнүндө сөз кылдык. Азыр өтө кечиктирилгис маселе – биздеги кен казуу менен чалгындоону кан буугандай токтотуу керек. Кол тийбеген, казылып, тешилбеген жайлоолор калбады. Муну токтотуп, иштеп жаткан 2-3 же 5-6 кенди калтырып, калганына мораторий жарыяласак, Жапаров тарыхта калат эле. Кендерин башаламан казуу – бул кембагал мамлекеттердин иши экен. Болбосо, бу Америка баш болгон мамлекеттерде биздегидей кендер жок дейсиңерби? Бар. Алар изилдеп, документтерин даярдап, “келечек муунга” деп коюп койгон. Казышпайт. Кийинки маселе – дин мамлекетте негизги ролду ойной баштады шекилди. Мындай жол менен барсак, жакында биротоло көзөмөлдөн чыгып кетет. Биздин кайсы ата-бабабыз Арабиянын, Пакистандын шөмтүрөгөн кийимдерин кийчү эле?.. Дагы бир топ маселелер бар, убагында айтылар.

Президент өзү да бир жолу “сизди кабыл алам” деп айткан эле. Көрөбүз, кабыл алабы же жокпу, өзү чечер. Жакында биз курактуу бирөөнү кабыл алса, “умный кеңештерин” бере берген экен, “алжып калыптыр” дебедиби! Мүмкүн мени да “алжып калыптыр” дейби?.. Ар ким өзүнүн ишин кынтыксыз жасай бериши керек.

-- Жолборс аке, маегиңизге рахмат!

-- Сага да, гезитиңдин жетекчилигине да рахмат!


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер