“Жөө күлүк” тасмасы Мароккодо сыйлык алды


Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Марокконун борбор калаасы Рабат шаарында XXIV эл аралык автордук кинофестивалынан эки сыйлык алды.
Бул фестивалга катышуу үчүн тасмадагы баш кармандардын бири Руслан Орозакунов барган. Аталган кино конкурстан сырткары көрсөтүлгөнү айтылат.
22-ноябрда фестивалдын жабылыш аземинде "Жөө күлүк" тасмасына "Калыстардын атайын эске алуусу" сыйлыгы берилип, ал эми Орозакунов эркектин ролун мыкты жаратканы үчүн сыйланган.
Автордук кинолордун эл аралык фестивалы (FICAR) 1994-жылы негизделип, жыл сайын өтүп турат. Анын Африка өлкөлөрүндө өзгөчө орду бар экени белгиленет. Жергиликтүү көрүүчүлөрдүн кызыктырып, көптөгөн адистердин кызыгуусун жаратып келет. Фестиваль 16-22-ноябрь күндөрү болуп, дүйнөнүн ар тарабынан чогулган 70ке чукул тасма коюлган.
Кыргызстандык режиссер "Жөө күлүктө" үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.
Aryba.kg