Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Ооруканаларды менчикке өткөрүп салганда, элибиз кыйналып калбайбы”
-- Аида айым, бүгүн мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине менчик медициналык мекемелерде иштөөгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору талаш-тартыштардан улам экинчи окуу режимине кайра кайтарылды. Бул мыйзам долбоору боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-- Бул мыйзам долбоорун Айсулуу Турусбековна демилгелеген. Себеби, бүгүнкү күндө ооруканага барсаңыз кезектин көптүгүнөн врачтын кабыл алуусуна кирүү өтө кыйын. Эң кейиштүүсү, ал жерде деле сен менчик ооруканага баргандай эле акча төлөйсүң. Бирок, дарыгерлердин мамилеси менчик ооруканадагыдай эмес. Биздин кээ бир врачтар түшкө чейин мамлекеттик ооруканада иштесе, түштөн кийин менчик ооруканада иштешет. Элестетсеңиз, сиз чоң бир оорукананын жетекчисисиз. Анан түшкө чейин иштеп, түштөн кийин кетип калсаңыз эмне болот? “Бардак” да! Мунун себеби түшүнүктүү эле, айлык аздыгынан. Мыйзам долбоорунун максаты – ушундай башаламандыкка чек коюу.
-- Сиз айткандай, баары бир мамлекеттик ооруканага деле акча төлөй турган соң, биротоло эле баарын жеке менчикке өткөрсөк кандай?
-- Мындай да, дарыгерлер акча сурабаган күндө деле биздин жарандар “мени жакшы карасын, көңүл бурсун” деген үмүттө өздөрү беришет. Андыктан, бул биздин каныбызга сиңип, жазылбаган эреже болуп калгандай сезилет. Ошондуктан, биз эң ириде өзүбүздүн аң-сезимибизди оңдошубуз керек. Ал эми жеке менчикке өтүү маселесине келсек, муну аябай талдап, анан бир чечимге келген оң го. Себеби, ооруга кепилдик жок, ар кандай адам врачка кайрылганга аргасыздык жаралат. Бирок, баарынын мүмкүнчүлүгү тең эмес да, бирөөнүн акчасы бар, экинчисиники жок. Анан баарын менчикке өткөрүп салганда, акчасы жоктор такыр эле ооруканага бара албай калбайбы. Ошондуктан, дагы бир жолу кайталагым келет, бул аябай ойлонуп, терең талдап, анан чечим кабыл ала турган маселе. Азыр милдеттүү медициналык камсыздандыруу деп ар бирибиз акча төлөп жатпайбызбы. Жылына 1800 сом төлөсөң, УИЗге түшкөндө, анализдерди тапшырганда бир топ жеңилдиктерди аласың. Мисалы, операцияга 15 миң сом төлөй турган болсо, камсыздандыруусу бар киши 2 миң сомдой эле төлөйт. Балким, ушул жагын дагы өнүктүрүү керектир...