Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Улан Ниязбеков кандайча “өзгөрүлүп” кетти?

Министр Улан Ниязбеков кандайча “өзгөрүлүп” кетти?

12-май, 17:19
2 064 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      “Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин генерал-полковник Улан Ниязбеков өзгөрүлүп, бой көтөрүп калды. Мурдагыдай байланыша албайбыз...” деген коомчулуктун активдүү өкүлдөрү бир ооздон айтышууда. Албетте, мындай пикирлерге саресеп салып, туура жыйынтыгын талдап көрөлү. 

     Көрсө, министр Улан Ниязбековдун жоопкерчилиги артып, жумушу баштагыдан да көбөйүптүр. “Милдетин алганча илдетин ал” деген лакап бар. Анын сыңарындай, абал барган сайын татаалдашууда. “Уктап жаткан” саясый күчтөр тымызын ойгоно башташты. Кеч күздөгү президенттик шайлоого карай көмүскөдөн копшолушуп, шымаланып жаткандарын кантебиз? Чет өлкөдө баш калкалап жүрүшкөн лөктөр арбын, көздөрү күйүп жатышат го? Ооба, азыр баёолук кыла турган убак эмес...

     Ириде мамлекеттин туруктуулугун, коопсуздугун камсыз кылууну Улан Ниязбеков аркалап, моюнундагы оор жүктүн түйшүгүн тартууда. Жыргап жүргөн жок. Сырттан караганда билинбегени менен бул машакаттуу иш. Эртеңки кубулуштарга, боло турчу окуяларга бүгүн реакция жасап, алдын ала чара көрүү вазыйпаларын кылбаса, убакыттан уттуруп коюшу мүмкүн. Асыресе, арканды алыс ыргытып, келечекке карай кыраакы мүнөздө кадам салуусу маанилүү...

     Андыктан министрдин “өзгөрүлгөнүнө” түшүнүү менен мамиле кыла туралы. “Түсү ийгиден түңүлбөй” дейт. Ал ооматын, дөөлөтүн көтөрө турган жигит. Башкалардай дардаңдап, ат үстүнөн мамиле жасабаса керек. Олуттуу чечим кабыл аларда “жети өлчөп, бир кесүүсү” парз. Өткөөл мезгилдин тарыхы да жазылат эмеспи...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер