Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Жарышка аттангандар: бийликке ыктаган эскилер, жаңы жүздөр жана белгисиздер”

Эмил Үмөталиев: “Жарышка аттангандар: бийликке ыктаган эскилер, жаңы жүздөр жана белгисиздер”

05-сентябрь, 06:56
458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ондогон партиялар жарышка чыкты, алардын кандай артыкчылыктарына карап баа берсек болот?  

-- Бул боюнча жооп берүүгө эрте. Мыйзам боюнча 4-сентябрдан тарта алар өздөрүнүн программаларын тааныта баштайт. Анан үгүт иштерин башташат. Ошондон соң алардын жарыялаган программаларына жараша, үгүт иштерине жараша бул маселени тереңирээк талкуулаганга шарт болот. 

-- Окшош, көчүрүлгөн программалар болушу мүмкүн. Карапайым эл жайнаган программаны карап деле жетишпейт же ишенишпейт (!) деген пикирлер көп...

-- Азыркы учурда мурдагы жылдарга салыштырмалуу кадимкидей ыкка түшүп калды. Бийликке жакын болгондор жана мурдагы элдин нааразычылыгын жараткан саясатты куруучулар, алардын жактоочулары жана элдин көйгөйү болгон коррупцияга тийешеси бар талапкерлер эки-үч партияга топтолууда. Андан тышкары, дагы үч-төрт партия элдин зарыккан үмүтүн жараткан жаңы көз караштагы, жаңы билимге ээ болгон жаңы сунуштар, жаңы демилге менен элге кайрылган топтор бир партия тобунда. Ошентип биз бүгүнкү күндө айырмачылыкка, өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү тарыхый мезгилге күбө болобуз. Партияларды үч топко бөлүп карасак болот: таанылган, бирок эскиче иштегендер. Экинчиси, жаңыча көз караштагы алгылыктуу билим сунуштаган жаңы жүздөр. Үчүнчүсү, белгисиз партиялардын тобу. Менин сырттан карап тааныганым ушундай болуп турат. Азыр аттарын эрте атабай туралы...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер