Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Некрологдор гезиттин он барагына батпай баратат

Некрологдор гезиттин он барагына батпай баратат

18-март, 12:12
531 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Италиядагы коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн айым Миргүл Өмүралиева жеке баракчасынан элибизди сактанууга чакырды. 

“Бир сиңдим айткандай, "вируска тик карайлы, ары-бери алаксыбайлы”. Карантиндин кайнаган очогу болуп аткан Бергамодон расмий түрдө  “госпиталдарда орун жетпей, кары-картаңдар үйүнөн эле кайтыш болуп калып атышат” деп айтып атышат. Некрологдор гезиттин он барагына толтура чыкканын көргөзүштү. Катуу ооругандарды үйүнөн “тез жардам” алып кеткенде, акыркы жолу жакындары менен көрүшүп, коштошуп калган бойдон жалгыздыкта кете беришүүдө. Интернетти да өчүргөнгө туура келиптир. Жаш эле бир  жигит кыйналып ооруп жатса да, жаңы эле атасынан айрылса да, теле аркылуу жалпы элге кайрылуу жасады. Ал да “үйдөн чыкпагыла” деди. Баары эле "үйдөн чыкпа! Чыкпа! Чыкпа!" деп какшап атышат. “Эгер башынан тартип сакталса, мындай акыбалга келбейт элек, эми кечигип калдык, вирус жайылып кетти” дейт бир медайым. 

“Атын атаба, башка жакшы нерсени сүйлө” деп алаксытканыңар эмне пайда апкелет? Балдар интернет клубда жүрүшөт, өзүңөр тойдо, кафеде, конокто... “Манас” аэропортунда карантинге жаткызып койгондор  “шарт жок, балан-түлөн” деп арызданышат. Эмне, биздегилер беш жылдыздуу отелде жыргап жатышыптырбы?! Ошолорго окшоп, жалгыз калып, доктурга түшкөндүн бетин Кудай көргөзбөсүн! Ошол карантинге чыдашсын да бир аз, анан чыгышат. Же эмне, таптакыр эле түрмөдө жатышабы? Доктурга да жетпей, кетип калып атышпайбы быякта эл.

Биздин “кандай шарт болсо да эркин жашоо кайтып келип, көчөгө бир чыксак, бул тилсиз жоо артка чегинсе экен тезирээк” деген эле бир тилегибиз бар, башка нерсе азыр кызыктырбайт.

60 млн. калк жапырт үйүнө камалып, же иши жок, же тиги балакет жукпайт деген кепилдик арсар болсо да, биримдикте болуп, наалыбай эле, ырдап, балкондон музыкасын жаңыртып, жакшы күндүн келишин жакшы жышаан менен күтүп отурушат го?

Кечиргиле, катуу айтканга туура келип атат. Бирок, канча күндөн бери акырын, жылма айтып келдим. Аны да жактырбай, билерман болгондор чыкты. Ооба, баары жакшы болот! Өзгөчө быяктагы бизге ушул сөз гана азыр дем берет.
 
Силерде да баары жакшы болсун! Жогоруда айтылган сөздөрүм реалдуу картина гана болсун дедим”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер