Акыркы кабарлар
» Саясат » Экс-министр Динара Кутманова “жегенин” башкалар менен бөлүшкөн эмеспи?
Экс-министр Динара Кутманова “жегенин” башкалар менен бөлүшкөн эмеспи?
13-август, 20:30
516 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌9-октябрга чейин Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды. Ал жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кезинде ири суммадагы миллиондорду жоготууга барганы, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы боюнча айыпталууда. Кызыгы, үй-бүлөсү, жакындары менен тапканын башкаларга бөлүшкөн эмеспи? Себеби, коррупцияга малынып, камакка алынгандарды коомчулукта блогерлер, тарапташтары колдоп чыгышчу эле. Аныгында Кутманованын андай жактоочулары чыгышкан жок. Ошондо “жазмакер, бакырчаактар” менен бөлүшпөй койгонбу? Иралды камалган чиновниктерди соцтармактан дуулдап колдоп турушчу эле, бул саам андай “маски-шоулар” байкалбады.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити