Руслан Казакбаевдин тышкы саясаттагы ийгилиги


Тарых музейиндеги жыл жыйынтыгын чыгарган жолугушууда президент Кыргызстандын көп векторлуу тышкы саясаты ийгиликтүү жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Министр Руслан Казакбаевдин ишбилги жетекчилиги астында Кыргызстандын эл аралык аренада аброю көтөрүлүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде позициясы бекемделип, өндүрүш, бизнес үчүн инвестицияларга кеңири жол ачылууда. Ургаалдуу жүргүзүлгөн тышкы саясаттын негизинде Европа өлкөлөрү менен мамилелер бекемделип, Венгрияда, Италияда Кыргызстандын жаңы элчиликтери ачылды. Эшиктеш кошуна Кытай түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун кыйын участокторундагы көпүрөлөрдү салып берип, ачылышы болду. Стратегиялык өнөктөш Россиядан татар делегациясы келип, соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, дагы башка тармактарда жардам берели деп бир топ келишимдерге кол коюлду.
Жакында болуп өтүп, он бештен ашык келишимдерге кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекте ачуу демилгеси Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн. Стамбулда өткөн бул эл аралык иш-чарада президент Садыр Жапаровдун Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркиянын президенттери менен жолугушуусу уюштурулуп, экономикалык, каржы, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ошондой эле Түндүк экономикалык кызматташуунун үчүнчү эл аралык форумунда президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, текстиль, жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү, айыл чарбасы, гидроэнергетика жаатында инвестиция кылууга Түштүк Корея банктарын, бизнесмендерин чакырган.
Эми президенттин Азербайжанга, Индияга иш сапарлары даярдалып, көптөгөн келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин жигердүү жүргүзүп жаткан эл аралык саясатынын натыйжасында өтүп бараткан жыл өлкөбүз үчүн жемиштүү жыйынтыкталды.
"Азия Ньюс" гезити











