Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оштогу сойкуканаларды кимдер көзөмөлдөйт?

Оштогу сойкуканаларды кимдер көзөмөлдөйт?

24-октябрь, 09:00
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оштогу “кызыл шапкечендер” арасындагы өздүк булагыбыз билдиргендей, бул багыттагы атмосфера жакшы эмес. Кедеринен кетип, көп кыңыр иштер көмүскөдөн чечилип аткандай. Таасирдүү орган кызматкерлери аралашса эле мыйзам тебеленип, жеке кызыкчылыктар ойноп, акча үчүн көз жумду көрүнүштөр орун алабы? Эмесе, суроону дагы улайлы.

Ош ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Айтимбетов шаардагы 12 сойкукананы көзөмөлдөп, айына 100 миң сомдун тегерегинде ар биринен алып турабы? Куржуну толгондо Ош ШИИБ начальниги Марлис Асанов менен бөлүшөбү? Системалуу түрдө иштеп атышабы? Бул соболдорго жооп узата алышабы?..

Эске салсак, Ош ШИИБнин төрт опер кызматкери оор кылмышты жабуу таризинде пара сурашып, УКМК тарабынан кылтакка илинишкен. Болгондо да кыз зордуктаган эргулдардын ишин жашырууга жандалбасташып, акчанын күчү менен ыпластыкка барышып, баарын будамайлашмак тура. Кудай жалгап, кармалып тынышты. 

Бу саам сойкуканаларды “крышевать” этип жатышса, УКМК көңүл бурабы?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер