Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мигрант айымдарга арналган китеп жарыкка чыкты

Мигрант айымдарга арналган китеп жарыкка чыкты

15-июнь, 11:52
845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду “Мекенге мээримин арнаган аялзаты” аттуу китеп чыгарды. Кыргыз тилиндеги китептин автору Абдыжапар Нурдинов.

Китепте бөтөн жер, бейтааныш элдин арасында мигрант катары өмүр сүрүп, ак эмгеги менен ийгилик жаратып, коомдун өнүгүүсүнө салымын кошкон 21 айымдын өмүр таржымалы, ишмердиги тууралуу очерк-баяндар камтылган.

Китеп “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында жарык көрдү.

Долбоор БУУнун “Тынчтыкты куруу” фондунун каржылык колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду БУУнун миграция боюнча эл аралык уюму, БУУ – аялдар жана эл аралык эмгек уюму менен биргеликте ишке ашырган.

Бул китеп “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду үзгүлтүксүз чыгарып келаткан “Мекендештер” сериясындагы кезектеги басылма болуп саналат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер