Ак кийимчен бийлеген элестер
Немец композитору Кристоф Виллибальд Глюктун «Орфей жана Эвридика» операсынан алынган «Эки элес» аттуу композициясы бар. «Орфей жана Эвридика» байыркы грек уламыштарынан алынган чыгарма. Орфей менен Эвридика улуу махабат менен баш кошушат. Бирок бактылуу жубайлардын жашоолору узакка созулбай, Эвридика каза болуп калат.
Эвридиканы уулуу жылан чагып каза болот. Бул жоготуу түгөйү Орфей үчүн аябай оор болот. Орфейдин жандүйнөсү боздогондой шамал озоңдойт. Күндүр-түндүр кара жаан токтобой, булуттар ыйлайт. Орфей соолугандай жаратылыштагы жандуунун баары соолуйт. Чыгарманын акырында Жараткандын буйругу менен Орфей «Өлгөндөр падышачылыгына» аттанат. Ал жерде Эвридикасын табат. Эми алар эч качан айрылгыс болуп, «Өлгөндөр падышачылыгында» калышат. Алар түбөлүктүү түгөйлөр символундай көрүнөт. Кристоф Глюктун сыздаган музыкасы... Ак кийимчен эки элес бийлеп жатат.... Керемет композиция!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити