Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бизнесмендер салыктан бошотулабы?

Бизнесмендер салыктан бошотулабы?

19-март, 09:10
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирустан улам кыйынчылыкка кептелген орто жана чакан бизнеске өкмөт колдоо көрсөтүшү керек. Бул тууралуу депутат Абдывахап Нурбаев комитет жыйынында маселе көтөрдү.

«Башка мамлекеттер бизнести салыктан бошотууда. Силер эмне кылып жатасыңар? Кырдаалдан улам кандай колдоолорду көрсөттүңөр? Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда акча бар. Ошону алып, орто жана чакан ишкердикти колдоого багытташ керек» деди депутат. Эл өкүлү ишкерлер үчүн кредитти төлөө мөөнөтүн үч айга чейин жылдырып берүү керектигин кошумчалады.

Коронавирус коркунучунан улам өлкөдө бизнес кыйынчылыктарга бет келди. Оюн аянтчалары, кинотеатрлар, 50 орундан ашык адамга ылайыкталган кафелер-ресторандар жабылмай болду. Жеңил өнөр жайы сырттан ташылган сырьёдон көз каранды болгон үчүн товар өндүрүүдө таңкыстыкты сезе баштады. Туризм жаатындагы ишкерлер эки айдан бери артка кетишкенин айтууда. Экспорт-импортто тоскоолдуктар бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер