Дамир Осмонов, кардиохирург: “Адам жүрөгү бат сокконунан ойгоно баштаса, сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл”

-- Жүрөк ооруларынын эң алгачкы белгилерин ар бир адам биле жүрсө ашыкча эместир. Сиз кандай кеңештерди бересиз?
-- Жүрөк оорусу ритм менен байланыштуу болуп, айрым убакта жай жана бат кагышы ыктымал. Эгер жүрөк бат соксо, адамдын кан басымы түшүп, башы тегерениши, демигиши, аба жетпей, көкүрөгү оорушу мүмкүн. Тескерисинче, жүрөк кагышы жайласа, аз кан айлануусуна байланыштуу башы айланышы же таптакыр эле сокпой, эси ооп калышы да ыктымал. “Коронардык жүрөк оорусу” деген жүрөк кан тамырларынын ичинде холестеринге байланыштуу тамырдын кан айланышын кысып коё турган оору бар болсо, адам ар бир кыймыл аракеттен соң көкүрөктөгү оордукту сезе баштайт. Анын себеби, тыгылган тамырдын жайгашкан аймагына кычкылтектин жетпегенине байланыштуу күч келген сайын көкүрөгү кысылып, аба жетпеген сыяктуу болуп, көкүрөгүнөн баштап жаагына чейин бере турган ооруну сезет. Токтогондо бул оору азайышы мүмкүн. Күч келтирген сайын бул илдет күчөй берет. Бул стенокардиянын белгиси. Ошондой эле кан басым көтөрүлгөнүнө байланыштуу адамда баш оорушу ыктымал. Көбүнчө башынын арка жагы ооруйт. Кан басым көтөрүлгөндө көкүрөк кысылуусу сезилип, инсульттун белгилери болушу ыктымал. Ал белгиде адамдын сүйлөөсүнүн начарлашы, сөзү түшүнүксүз угулушу, же колу-буту жакшы иштебегендей көрүнүшү байкалат. Эгерде жүрөктүн жетишсиздиги жаралса, анда адамдын буттары түндө шиший баштайт. Түз жата албай, жаздыктын санын көбөйтө берет. Кээде отуруп уктай турган абалга келип калат. Жатса эле аба жетпей калгандай туюлат. Оору күчөгөн абалды алсак, бутунун баардык жагы: ичи кошо шишип кетиши ыктымал. Ошондой эле тубаса жүрөк оорулары бар.
Эгерде адамдарда мурда жок болуп, кийин басып жүргөндө көкүрөктү кысып ооруп баштаса, аба жетпеген учурлар жаралса, буту шишип кетип жатса, түндө түз жата албай калса, түнкү убактарда көкүрөгү кысылып, жүрөгү бат сокконунан ойгоно баштаса, сөзсүз дарыгерге кайрылуу шарт.
-- Бул кооптуу дартты алдын алуу ар бир окурманга кызыгууну жаратса керек?
-- Адам жүрөк оорусун алдын алуу үчүн өзүнүн жашоо шартын өзгөртүүсү зарыл. Кыймыл-аракетти көбөйтүп, тамак-ашты рационалдуу жеш керек. Тамак көп өлчөмдө болуп, кыймыл азайса, бул организмде май же салмак катары бириге баштайт. Ошондуктан салмакты аябай карап, көбөйтпөш керек. Тамактар арасынан өтө куурулган, ышталган, туздалган тамактарды көп жегенге болбойт. Жашылчаларды, мөмө-жемиштерди арбын жесе туура. Эгер тамеки тарткан, арак ичкен жаман адаттары болсо, ушул адаттарын таштаса өзүнө пайдалуу. Анан уйку эң маанилүү. Айрыкча түнкү уйку биринчи орунда. Айрымдар интернет аркылуу иштеп, же түнү уктабай телефон чукулап, кеч жатып, таңкы 6-7лерде турса, анда ритм бузулуп, кан басым туруксуздугу күтүлүп, жүрөккө да таасири тийбей койбойт.
"Азия Ньюс" гезити