Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элчибек Жантаев: “123 айыл өкмөтү дотациядан чыкты”

Элчибек Жантаев: “123 айыл өкмөтү дотациядан чыкты”

01-сентябрь, 18:09
455 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору менен маек.

-- Азыр кадрларды дайындоо кадрлар резерви аркылуу ишке ашырылып жатпайбы. Резервге кириш үчүн тест тапшыруу жетиштүүбү?

-- Бул процесс үч этаптан турат. Биринчи этабында документ тапшырылат, алар бардык квалификациялык талаптарга ылайык келсе, комиссия карап, тестирлөөгө жиберет.Тестирлөөдөн тийиштүү баллды алгандан кийин аңгемелешүүгө барат. Кадрлар резервине кирүүдө комплекстүү баалоонун жыйынтыгы менен чечим чыгарылат. Талапкердин кесипкөйлүгүн, жөндөмдүүлүгүн баалап туруп, аңгемелешүүдөн кийин акыркы чечим кабыл алынат.

-- Кадрлар резервинде канча адам турат?

-- Регионалдык резерв менен муниципалдык резервди түзүү боюнча милдет биздин агенттикке жүктөлгөн. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ички резервин мамлекеттик, муниципалдык органдар өздөрү түзүшөт. Бүгүнкү күндө жалпысынан 1702 адам резервде турат, регионалдык резервде 577 адам бар. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын кызматына 254, акимдердин биринчи орун басарлыгына 160, акимдин орун басары кызмат ордуна 163 адам резервде турат. 

-- Кадрлар резерви канчалык натыйжалуу болуп жатат деп ойлойсуз? 

-- Резервде турган адамдардын бүгүнкү күндө бекилген саны 66 адам. Акимдер, алардын орун басарлары резервден алып дайындалууда. Муниципалдык резервде 1125 адам турат. Республикалык маанидеги шаарлардын мэри болом дегендер 8, алардын орун басары болом дегендер 36 адам, облустук маанидеги шаарлардын мэрлигине 60, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарлыгына 101, райондук маанидеги шаарлардын мэрлигине 201 адам, алардын орун басарлыгына 288 адам бар. Айыл өкмөт башчыларынын кызмат ордуна 431 адам резервде турат. Алардын ичинен дайындалгандары 63 адам.

-- Буга чейин айыл өкмөттөрүнүн көбү дотацияда болуп келген. Азыр алардын канчасы дотациядан чыкты?

-- Дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн саны 123. Мындан беш жыл мурун кандай эле? 2017-жылы дотациядан чыккан айыл өкмөттөрүнүн саны 71 болчу. 2018-жылы бул сан 75ке, 2019-жылы 79га, 2020-жылы 82ге жеткен. Ал эми 2022-жылдын башында 123 айыл өкмөтү дотациядан чыгып отурат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер