Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асанбек Стамовдун алгачкы повесттери жана адабий сын

Асанбек Стамовдун алгачкы повесттери жана адабий сын

25-октябрь, 19:30
707 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз азыр совет доору деп атап отурган мезгилде калктын калың катмары кастарлап сүйүп, илгери-кийин жарык көргөн чыгармалардын кайсынысы мыкты, кайсынысы чабал экенин илгиртпей түшүнүп, дембе-дем окушкан, ал эми адабиятчы-сынчылар болсо кырдыбычак болгончо талашып-тартышкан көркөм адабият дегенибиз да коомдук өнүгүүнүн оош-кыйыш жагдайларына тикелей көз каранды экендигин бүгүнкү күндөгү анын абалына анча-мынча сереп салган адам байкабай койбойт. Бирок кантсе да анын өнүгүш темпи, багыттары окурмандардын талап-керектөөсүнө биротоло байланып-маталып калбай, көркөм сөз чеберлеринин ички муктаждыктарынан келип чыккан рухий-эстетикалык көрүнүш катары алынча алгалай берет экен. Ал эми ошол алгалоонун көркөм-эстетикалык деңгээли жана бийиктиктери кандай деген маселе өзүнчө чоң сөздү талап кылат да, азыркы Кыргыз эл жазуучусу, профессор, бир кездеги жаш сынчы Советбек Байгазиев "Жаа, жаа жамгырым" аттуу 1980-жылы "Ала-Тоо" журналынын биринчи санына жарыяланган мазмундуу жана полемикалуу макаласында койгон төмөнкүдөй таасын талаптарды жокко чыгарбайт: "Искусстводо "Алыбек алына жараша" деген принцип жарабаган нерсе. Адабияттагы бир өзгөчөлүк ушунда, анын ак сарайында атайын "көнүгүү бөлмөсү" болбойт. Анын мейкининде "старт аянтчасы" менен мара гана бар. Ал дароо эле "старт аянтчасынан" башталат". Кыскасы, сынчынын пикиринде акын-жазуучу өзүнчө "машыгып", көркөм сөз чеберчилик мектебинин азап-тозогун өзүнчө баштан кечирип, б.а., ар тараптуу даярдыктан өтүп, анан гана "эл көзүнө көрүнүшү" керек. Бирок тарыхы кыска биздин адабиятта дайыма эле ушундай болгон эмес. Өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы алгачкы акын-жазуучуларыбыздын көбү башка арга жогунан түз эле гезит, журнал, китеп беттеринде, б.а., "эл көзүнчө" адабиятка машыгышса, кийинки муундагылардын басымдуу бөлүгү атайын билим алып, өз бетинче далай мээнет кылып, көркөм чыгармачылыктын тарыхын, теориясы менен практикасын мыктылап өздөштүрүп, аларды өздүк көз карашы менен тажрыйбасына сугарып, анан гана элге көрүнүүгө бел байлашкан. Мына ушул өңдүү учурларды эске алып, адабияттагы муундардын чыгармачылык тагдырындагы өзгөчөлүктөр тууралуу да сөз болуп келет. Бул тууралуу мындан жарым кылымга жакын мезгил мурда таланттуу сынчы, котормочу жана акын Аман Токтогулов буларды жазган эле (узагыраак болсо да бул шилтеме керек болуп турат – К.А.): "Ырас, адабият чыгармачылык жагынан ар түрдүү индивидуалдуу күчтөрдү баш коштуруп турат. Ошентсе да ар мезгилдин өзүнө гана таандык коомдук-саясый талаптары, идеялык-эстетикалык критерийлери болот жана алар коомдук аң-сезимдин ар кандай формаларында, анын ичинде адабиятта да ошол учурдун мүнөздүү белгилери, тенденциялары катары чагылбай койбойт. Ошол мүнөздүү белгилерге, негизги тенденцияларга карата биз искусстводогу тигил же бул муун жөнүндө сөз кылабыз. Маселен, кыргыз жазуучуларынын отузунчу жылдардагы муунуна туш келген тарыхий миссия, анын кандайча аткарылгандыгын билебиз. Элүүнчү жылдарда болсо адабиятыбызга жазуучулардын өзүнчө жаңы мууну келди: Ш.Бейшеналиев, К.Каимов, С.Эралиев, С.Жусуев, Ш.Садыбакасов, С.Өмүрбаев, Б.Сарногоев, Ж.Садыков; сынчылар: А.Салиев, К.Асаналиев, Ш.Үмөталиев, М.Борбугулов, К.Рысалиев ж.б. Алтымышынчы жылдарды Ч.Айтматовдун адабий школасынын жемиштүү учуру деп атаса болот. Бул школа жаш прозаиктердин, акындардын өзүнчө бир муунун апкелди: А.Жакыпбеков, Б.Жакиев, М.Байжиев, К.Жусубалиев, М.Гапаров, К.Жусупов, Р.Рыскулов, О.Султанов, М.Абылкасымова ж.б. А.Стамов эң сонун повесттерин жетимишинчи жылдардан кийин жазса да, өзүнүн жашы жагынан да, чеберчилигинин жетилиши, изденүүсүнүн мүнөзү, багытталышы жагынан да дал ушул муунга кирет. Ар бир муун өз учуруна жараша адабиятка өзүнчө стилдик агымдарды, турмушту чагылдыруунун өздөрүнө таандык ыкмаларын адабий тарыхка калтырышты" (1, 157). Негизинен ошо кезде жаш деп эсептелген, бирок автордун оюнда "жаш деле эмес" сынчылардын профессионалдык дараметине, изденүүчүлүк аракеттерине сереп салган бул макаласында А.Токтогулов көп жазуучулардын ичинен өзгөчө назар салып, "А.Стамовдун эң сонун повесттери" деп атайын бөлүп көрсөтүүсү бекер жеринен эмес экен. Эмесе, кеп мына ушул Асанбек Стамов жөнүндө болсун. Көзү тирүү болгондо ал ушул 2023-жылы 85 жашка чыкмак. Жогортодо кеп болгондой ал адабиятка үйрөнчүк эмес, даярдыгы мыкты, айтар сөзү арбын, жазуу стили калыптанып калган чебер автор катары келип кирди дагы, үзгүлтүксүз өсүү жолунда болуп, кыргыз прозасынын тарыхында биротоло калган кайталангыс чыгармаларды таштап кетти.

Көркөм сөз өнөрүндөгү процесстин мыйзамченеми ушундай экен – андагы идеялык-эстетикалык кыймылдын, изденүүлөрдүн ыкчамдашуусу ага болгон коомдук-окурмандык кызыкчылыктын өрүш алуусуна гана эмес, бул тармакта адистешкен, ошол адабияттын сапаттык өнүгүшүнө теңчамал сынчыл ой-пикирдин жаңы деңгээлге чыгуусуна жол ачып, жаңычыл чыгармаларды мурдагыдай талдоого болбой тургандай кылып, ошол жанрдын мурункусу менен салыштыруу зарылдыгын күн тартибине коет. Ошон үчүн муну илгиртпей баамдаган А.Токтогулов адабияттын ар башка жанрларын алгалатуу аракетинде келишкен акын-жазуучулар менен сынчыларды бекеринен муундар алакасына таянып, катарлаш сөз кылган жок. Ушундай эле себептерден улам залкар адабиятчы Кеңешбек Асаналиев да "көркөм адабий сындын изденүүсү жана өнүгүүсү жалпы көркөм өнүгүштүн деңгээлине диалектикалык байланышта экендигин" ("Жаш сындын арымы", 1980), жаңы көркөм ачылыштар башкача параметрлер менен өлчөнө турганын белгилеп, оюн мындайча жыйынтыктайт: “Дал ушундай татаал чыгармачылык татаал тоголуштардын натыйжасында чыгармачылык жаңы мейкин ачылат, жазуучулардын жаңы типтеги генерациясы пайда болот. Жазуучулардын жаңы генерациясына (Чыңгыз Айтматовдун термини) биз маселен, А.Стамов жана М.Гапаров, К.Акматов жана М.Байжиев, М.Мураталиев жана Ө.Даникеевдин ысымдарын атар элек. Булардын ар бири жекече чыгармачылыгын ар башка учурда, ар башка кырдаалда баштаганына карабастан, кантсе да бардыгы дээрлик "жетимишинчи жылдардын толкунуна" туура келдиби деп ойлойм" (2, 73-74). А.Стамов көч башындагылардын бири болгон жогорку калемгерлердин чыгармачылык түшүмдүүлүк доору да так ушул жетимишинчи жылдарга туура келерин өз маалында К.Абдылдабеков, К.Байжигитов, А.Эркебаев, О.Ибраимов, К.Каимов, К.Кушубеков сындуу сынчылар, адабиятчылар адилет белгилешкен. 

Ошентип, чыгармачылыгы 60-жылдарда башталса да, мына ошол 70-жылдар ичинде жылдызы жанган кыргыз прозаиктеринин алдыңкы сабындагылардын бири Асанбек Стамов болду да, ошого жараша анын чыгармалары тууралуу айрыкча арбын сын-пикирлер айтылды. Бирок алардын эң басымдуу бөлүгү позитивдүү, болгондо да мактоо ыңгайында болчу. Мунун себеби анын повесттеринин көркөм-эстетикалык, рухий-идеялык нукура нарктуулугунда жаткан. Жогорку прозаиктердин көбүндөй эле анын ар бир жаңы чыгармасы 60-жылдардын экинчи жарымынан тарта күүгө келип, "азуусу чыга баштаган" кыргыз адабий сыны үчүн табылгыс материал болуп берди да, ошондон бери анын көңүл сыртында калбай, тынымсыз талкууланып, аларсыз ал мезгилдеги кыргыз прозасынын эволюциясы менен актуалдуу проблемалары тууралуу сөз кылуу дегеле мүмкүн болбой калгансыды. Жазуучунун повесттери жөнүндө "Кыргызстан маданияты", "Ала-Тоо" сындуу элдин сүймөнчүгү болгон гезит-журналдарда улуттук прозага байланыштуу уюштурулган, тематикалык чеги кенен талкууларда, жазуучулардын сьезддеринде, пленумдарында жана конференцияларда, адабиятчы-сынчылардын макалалары менен изилдөөлөрүндө сөз болбогон учур да сейрек эле. Ошентип, Төлөгөн Касымбеков жазгандай өзүнүн "айжаркын повесттери" менен А.Стамов кыргыз адабиятына "жаңы сөз айта алган" жазуучу катары келип кирди, анын бир топ жаш өкүлдөрүндөй көпкө дейре чайналып-чарпылган үйрөнчүк доорун баштан кечирген жок.

А.Стамов өз чыгармачылыгын "Таанышуу" аттуу аңгеме менен (1961) баштап, К.Каимов, К.Жусубалиев, М.Мураталиев, К.Акматовдор менен бир катар мыкты аңгемечилердин тобуна кошулуп келсе да (3,273), кийин ага сейрек кайрылып, бүткүл дарамет-ышкысын повесть жанрына оодарды да, бара-бара роман жазууга бел байлады. Мында көркөм адабиятка деле тиешелүү "жеңилден оорго, жөнөкөйдөн татаалга" деген бузулбас деп эсептелген принципке байлануу жок болсо да, кандайдыр бир ички логика жаткандыгы шек жаратпайт. Ал ириде жазуучунун адабиятка, анын ичинде көп жанрлуу прозага карата тутунган жекече чыгармачылык принциби, өздүк позициясы жана философиясы десек да болот. А.Стамовдун алгачкы китеби болгон "Таанышуу" жыйнагындагы "Ата" аттуу аңгеме тууралуу белгилүү адабиятчы-сынчы Калыбек Байжигитов "камтыган идеялык-көркөмдүк проблематикасы, турмуштук окуяларды, каармандарды сүрөттөөнүн кенендиги, андагы калемгердин образдуу ой жүгүртүүсүнүн масштабдуулугу, мүнөздөрдү тереңдетип көрсөтүүсү боюнча аны повесть жанрына кошсо болчудай" деп жазды (4, 8). Эгерде бул чыгарманы жазуучунун аңгемеге караганда башкачараак структурага эгедер, турмуштук материалды жайгаштыруунун жана аларды көркөм иштетүүдөн өткөрүүнүн алда канча татаал ыкмалары менен каражаттарын талап кылган ири жанр – повестке карай таштаган алгачкы кадамы деп эсептесек, анын канчалык түшүмдүү, натыйжалуу болгонун ушул жааттагы кийинки чыгармаларынын мисалында ошол кездеги адабий-сын макалалар таасын да, ар тараптуу да ачып берет. Аларда келтирилген адабий процесстин практикалык жана теориялык жагдайлары тууралуу аргументтердин майда-баратына дейре токтолбой, көбүнчө алгылыктуу фактылар менен ой-толгоолорду констатациялоо менен чектелип, кээ бир урунттуу учурларга назар салганда деле А.Стамовдун "поэзиянын дүйнөсүнө окурмандарды саякатка чакырган" (А.Медетбеков) аңгемелери менен повесттеринин көркөм нарктуулугу көз алдыга таасын тартылбай койбойт.

А.Стамовдун бир нече аңгемелери менен бирге жарык көргөн "Кеч күздө" повестин (1969) жазуучу К.Каимов анын "чыгармачылык өмүрүндөгү көктөм" (5, 157) деген кыска, бирок бийик баа менен өлчөсө, андан мурдараак акын, сынчы Сүйөркул Тургунбаев аны "түшүнүктөрдүн, көз караштардын, ой-сезимдердин жана идеалдардын күрөшү тууралуу чыгарма" деп эсептеди (6). Ал эми ал кездеги жаш, өткүр сынчы, азыркы академик Абдыганы Эркебаев болсо адегенде эле "Көлөмү, идеялык-көркөмдүк күчү жагынан бул чыгарманы романдык чыгармага кийирсе болчудай" деген бүтүм чыгарып, анысын повесттеги негизги коллизиялардын социалдык табиятын, баш каарман Акылбектин тагдырын, кулк-мүнөзүн "өтө билгичтик менен изилдеген" жазуучунун чеберчилигинен көрөт да, мындай тыянак чыгарат: "А.Стамовдун бул повестинде жакшы башталыш бар. Автор жаңы конфликттерди чечүүдө жаңы мүнөз түзүүгө аракет жасаган. Болгондо да замандаштын мүнөзүн өсүү процессинде көрсөтүүнүн аракети бар. Ушул касиет кыргыздын жаш прозаиктеринин баарында эле бар деп айта албайбыз" (7, 155). Ошентип, К.Байжигитов жазуучунун аңгемесин повестке жанаштырса, А.Эркебаев анын повестинен роман жанрына төп келген көркөм структура менен мазмунду көрүп отурат. Ушунун өзү эле чоң мактоо, бийик баа болчу. Аталган повестке назар салган дагы бир автор, сынчы жана прозаик Касым Кушубеков чыгармада Акылбектин психологиясы ишенимдүү ачылганын белгилей келип: "Повестте сюжеттик өнүгүү улам чыңалууга ээ болуп, окуялар жайыкка эмес, тереңге карай умутулуп, мүнөздүн табиятына жасалган анализ кадыресе баамга урунат. Өкүнүчтүү нерсе, кыргыз прозасында мындай повесттер аз, али саналуу гана" деп жазат (8, 156). "Өкүнүчтүү нерсе" деп К.Кушубеков ошол кезге чейинки кыргыз адабиятында интеллигенция тууралуу чыгармалардын сейректигин, болсо да идеялык-көркөмдүк наркы боюнча А.Стамовдун повесттерине жеткендери дээрлик жоктугун эске алып жатат. 1950-60-жылдары кыргыз интеллигенциясы толук калыптанып бүткөн, өз ичинен нечен залкар инсандарды турмуш аренасына чыгарып, коомдо олуттуу роль ойноп калган адамдардын социалдык-интеллектуалдык, маданий ири тобун түзгөндүгүн эске алсак, бул "өкүнүчтүн" орундуулугу түшүнүктүү болуп калат жана бул багытта дыңды чындап бузган А.Стамов экендиги анын кийинки чыгармалары менен да далилденет. Анын мындай ийгилиги мыкты турмуштук-адабий даярдык жана талбай изденүү менен шартталгандыгы айтпаса да түшүнүктүү болчу.

"Кеч күздө" повести негизинен мыкты чыгарма катары бааланганы менен айрым дооматтар менен талаштуу ой-пикирлердин объектиси да болуп түшкөн. Маселен, профессор Абдыкадыр Садыковго Акылбектин кызматтан түшүүсү, илимпоздорду анча барктабоосу, кайра-кайра түш көрүүсү, каза болгон апасы менен "сүйлөшүүсү" жакпайт. Бирок адабиятчы мындай деталдарга чыгарманын көркөм структурасында кандай функция жүктөлгөнүн ачып бербей, саясый ыңгайдагы жалпы айыптоолорго ыктап турганын байкоого болот. Ошентсе да адабиятчы "Изденүүлөр жана табылгалар" аттуу макаласында (1971): "А.Стамовдун Акылбеги бүгүнкү күндүн жаш адамдарынын мыкты нравалык сапаттарын өзүнө топтоштурган, ошол эле учурда өзүнчө жашоосу, эмгек жана күрөш жолу бар жекече личность катары да окуучунун көз алдына элестейт. Көркөм образдагы ийгилиги анын мына ошол жалпылык жана жекелик касиетке ээ болушу менен аныкталат" деп жазып, повестти мактоого татырлык чыгарма экендигин белгилей кеткен жери да бар (9,159). Дагы бир белсемдүү адабиятчы К.Байжигитов "Турмуш жана мүнөз" деген А.Стамовдун повесттерин атайын жана кеңири талдоого алган макаласында "Кеч күздөнү" "негизги каарман жашап жана эмгектенип, аракеттенип жаткан турмуштук жагдайды, адамдын мүнөзүн кыймылга келтирип турган шарттарды туура көркөм-эстетикалык чындыкка айландырган" чыгарма иретинде сыпаттайт (4, 14). 

Кыскасы, А.Стамов алгачкы чыгармаларынан тартып сынчы-адабиятчылардын текши назарына түштү да, мунусу менен өзүнүн таланттуу сүрөткер экендигин айгинелеп, андан кийин окурмандар менен адистердин үмүтүн толук актаган, алардын купулуна толгон бир далай чыгармаларды тартуу кылды. "Жаңы тууган" повести болсо (1973), ага нукура жазуучулук атак-даңк алып келип, А.Токомбаев, К.Баялинов, Ч.Айтматов, Т.Касымбеков, У.Абдукаимов, С.Өмүрбаев сындуу улуу муундагыларды айтпаганда деле, ошол кездерде басыгы катуу чыгып келе жаткан М.Гапаров, К.Акматов, М.Мураталиев, А.Саспаев, К.Жусубалиев, К.Жусупов, М.Байжиев, М.Сейталиев, Ө.Даникеев, Э.Отунчиев, К.Сактанов, А.Жакыпбеков, И.Мансуров ж.б. сыяктуу, ырасында эле кыргыз прозасын жаңы бийиктиктерге чыгарган таланттардын катарына кошту. Мына ушул авторлор адабий сынга ыкчам аралашып, аты чыгып, бүгүнкү күндө академик болгон Осмонакун Ибраимов жазгандай "кыргыз прозасынын жаңы деңгээли, жаңы даражасы болгон жана анын тарыхында калган" (10) олуттуу чыгармаларды элге тартуу кылышты. "Жаңы тууган" повести үчүн Кыргызстан комсомолунун лауреаты аттуу абройлуу сыйлыкка татыган А.Стамов "адабияттын даяр чыйырына түшпөстөн, же болбосо, жеңил-желпи жол издебестен, көнүмүш турмуштун изилдене элек катмарларын ачып көрүү үчүн чалгынга аттанган" жаш жазуучу катары бааланды (5, 156). Ал кезде атагы алыска кеткен Ч.Айтматов да А.Стамовдун чыгармачылыгына астейдил назар таштаса (Вечерний Фрунзе, 1975, 31-январь), белгилүү адабиятчы Зоя Кедрина 1986-жылы ноябрда Москвада кыргыз повесттери менен аңгемелеринин ал-абалын талкуулаган жыйында сынчылар А.Стамовдун повесттерине дагы эле жеткиликтүү көңүл бурбай жатышкандыгын белгилеп кетет (11). Андан он чакты жыл мурда кыргыз адабиятынын чоң пропагандисти, котормочу жана адабиятчы Лариса Лебедева "Дружба народов" журналына (1975, №11) жарыялаган чакан рецензиясында бул повесть тууралуу мындай тыянак чыгарган эле: "...написана повесть талантливо, потому, что язык ее богат и выразителен, потому что характеры в ней даны в том живом своеобразии, которые больше всего пленяет нас в литературе. Но таким образом мы не определим еще, почему предельно простой сюжет берет, как говорится, за душу. Дочитав повесть, убеждаешься, что сама эта простота является частью художественной концепции автора". 

Ошентип, "Максатына жетпей калган адам тагдырын, өлүм өксүткөн сүйүү баянын" чагылдырган "Жаңы тууган" повести К.Байжигитовдун пикиринде "кыргыз прозасынын өнүгүшүндө маанилүү көрүнүш" болуп эсептелсе (4, 16-17), андан кийинки "Чүй баяны" (1975) жана "Нөшөрдөн кийин" (1977) деген бири-бирин толуктаган, же улаган повесттери жазуучунун турмушту нагыз сүрөткердин көзү менен көрүп, аны нукура көркөм-эстетикалык реалдуулукка айланта алган, художниктик дарамети күчтүү автор экендигин далилдеди десек аша чапкандык болбойт. Алар кызуу талкуунун предметине айланды. Бул эки повестти бир чыгарманын эки бөлүгү деген ойду айткан Качкынбай Артыкбаев менен макул эместигин билдирип, Кеңешбек Асаналиев 1980-жылы жазылган "Айлампадан чыгуу керекпи, же..." деген концептуалдуу эмгегинде алар дилогия, бирок экөөнүн тең башкы каарманы бир экендигине карабай (Дыйканбек) "ар биринин өз алдынча идеялык-көркөмдүк концепциясы бар, ар бири өз алдынча бүткөн чыгарма" деп эсептеп (2,136), мындан "кандайдыр бир жанрдык кубулуш, жаңылануу менен кездешип отурабыз" деген жыйынтык чыгарат. Бул түшүнгөн адамга өтө жогору баа болчу. Себеби көркөм структурасы калыпташып калган, же кыйла консервативдүү көрүнгөн жанрды жаңылоо ар кимдин эле колунан келе бербеси баарына белгилүү эле. Демек, А.Стамовдун бул эки чыгармасында көзгө көрүнө бербеген, кол менен кармап көрсөтүүгө болбогон жаңыча бир сапаттар бар болчу. Бул атактуу эки сынчы-адабиятчынын (профессорлор К.Асаналиев менен К.Артыкбаев) полемикасы натыйжада башкалар тарабынан улантылып, түркүн пикирлер айтылып, ал бүгүнкү күндөргө чейин уланып келет. "Жанрдын ички формасында романизация жүрүп жатканы" тууралуу пикирлер буга дейре Ч.Айтматовдун повесттерине карай айтылып келсе, эми "60-70-жылдардагы көркөм өнүгүүнүн уникалдуу көрүнүшү болгон кыргыз повесттери" да ушул баага арзып, 1979-жылы жазылган макаласында А.Эркебаев А.Стамовдун алгачкы "Кеч күздө" повестинен эле романдык мазмунду көрсө, О.Ибраимов "А.Стамовдун "Чүй баяндары" цикли кадимки эле роман" деп жазды (10). Анын пикиринде бул мыйзамченемдүү көрүнүш болуп, "повесттер өз эволюциясындагы бийик чокуга жетип, ошол чокуда жаткан көркөм тегиздикти жакшылап өздөштүрүп, же өздөштүрүп бүтүп, эми андан ары да бийик, андан кенен аймактарды камтууга киришип" жатат. Буга чейин "Айрым повесттер жөнүндө" деген макаласында (12) О.Ибраимов "чыгарманын азыркы турушунда бир орто (көлөмү жагынан) романга чак келгидей көркөм материал жатат" деп "Чүй баянын эске алган болчу.

1980-жылдарга чейин А.Стамов "Таанышуу" (1966), "Кеч күздө" (1969), "Жаңы тууган" (1973), "Нөшөрдөн кийин" (1977), "Чүй дастандары" (1978) аттуу аңгемелер жана негизинен повесттерден турган китептерин чыгарды да, бул он жылдыкты "Жоголгон бала же чоңдорго арналган насыят" деген повести менен жыйынтыктады (Ала-Тоо, 1978, №4). Булардан кийин "Жүрөктөгү жалын" повести (Ала-Тоо, 1981, №7,8), "Ак кар" аттуу аңгемелер жана повесттер китеби (1981), "Жол боюнда жалгыз там" (1985) жана "Кандан бүткөн, жандан бүткөн үч мээрим" повести (Ала-Тоо, 1987, №2), "Эгиз тал" деген повесттер жыйнагы (1988), "Ууру менен сүйлөшүү" деген юмордук аңгемелери (Ала-Тоо, 1988, №8), "Жортуул" деген тарыхий повесттерден турган романы (1992), "махабат дастандары" аныктамасы менен чыккан "Кышында чардаган бакалар же кызыл гүл баяны" (2001) китеби, "Эне кудуруети" (2001) жана "Келгин куштар" повесттери жана "Суусамырдын ээси" (2010) тарыхий повести өңдүү авторду кыргыз прозасынын бийик сересине чыгарган чыгармалар окурмандардын колуна тийди да, андан бир аз мурда (2009) автор 20 жылдык өмүрүн арнаган "Хан Тейиш" романы басылып чыкты. Айрым майда-барат мүчүлүштүктөрү белгиленсе да, аталган чыгармалардын дээрлик бардыгы окурмандардын оң баасына арзып, адабиятчы-сынчыларды кыйла кызуу полемикага түшүрдү.

Биз учкай сөз кылган "Кеч күздө" жана "Жаңы тууган" повесттеринен тышкары "Хан Тейиш" романына дейре А.Стамовдун дээрлик бардык чыгармалары жөнүндө көп авторлор узунду-кыскалуу дегендей өтө арбын жазышты. Анын тигил же бул чыгармасы тууралуу кыска болсо да пикир айтпаган кыргыз сынчы-адабиятчысы жок десек да болот. Алардын тизмеси узун. (Мага алардын айрымдарын же чет-бучкагын гана мисал келтирүү менен чектелүүгө туура келди – К.А.). Идеялык-көркөмдүк, поэтикалык ажары жана мазмундук тереңдиги, проблематикасы боюнча өзүнчөлүгү кашкая көрүнүп турган анын ар бир чыгармасы жаңылык катары кабылдана келди. "Үч мээрим" повести менен Батыш адабиятында кыйла узак тарыхы бар "магиялык реализм" деген көркөм-семантикалык түшүнүктү да (аны өзүнчө жанр катары карагандар да бар) кыргыз адабиятына А.Стамов алып келди. Ошентип, 70-жылдарда дүркүрөп өнүгүү жолунда турган, оңду-солду талкуулардын объектиси болгон кыргыз прозасынын тутумунда талкууланган, сындалган А.Стамовдун повесттери тематикалык жаңычылдыгы гана эмес, аларда сүрөттөлгөн каармандардын кулк-мүнөздөрүнүн социалдык-психологиялык жактан чыныгы турмуш турпатына төп келген даражада кынтыксыз иштелиши менен өзгөчөлөнөрүн адистердин көбү бир ооздон белгилешкен. Сүрөттөлүп жаткан турмуш көрүнүштөрүн, оош-кыйышы аралаш адам тагдырларын жана ошол түркүн адамдардын даргөйүн (жан-дүйнөсүндөгү кыймылды) мыкты билгендик, булардын баарын айлана-чөйрө, табият менен эриш-аркак карай билүү жана эң негизгиси чыгарманы сюжеттик-композициялык жактан кынтыксыз уюштуруп, кылдат иштелген образдар, ынанымдуу коллизия-конфликттер аркылуу маанилүү социалдык-нравалык проблемаларды көтөрө билүү сыяктуу сапаттар 70-жылдары эле А.Стамовду таланттуу жана изденгич, күжүрмөн прозаик катары белгилүү кылды. Айтор, ошол учурдагы кыргыз повесттери "уникалдуу көрүнүш" болсо (О.Ибраимов), анын андай бийиктикке жетүүсүнө А.Стамовдун салымы зор болгону шексиз.

Адабияттар:

1. Токтогулов А. Жаштар чыгармачылыгы жөнүндө. - Ала-Тоо, 1977, №5.

2. Асаналиев К. Доор менен бирге. Адабий сын макалалардын жвйнагы. - Ф., 1981.

3. Даутов К. Сентенциядан концепцияга, фактографиядан синтезге // К.Даутов. Мезгил сыны жана мен: Тандалмалар. - Б., 2004.

4. Байжигитов К. Турмуш жана мүнөз. Адабий макалалар. - Ф., 1982.

5. Каимов К. Ишенимдүү кадамдар. - Ала-Тоо, 1977, №3.

6. Тургунбаев С. Жаш адамдын дүйнөсү. - Кыргызстан маданияты, 1971, 7-апрель.

7. Эркебаев А. "Интеллектуалдуу каармандын" дүйнөсү. - Ала-Тоо, 1979, №9.

8. Кушубеков К. Повесттер айланасында сөз. - Ала-Тоо, 1973, №6.

9. Садыков А. Изденүүлөр жана табылгалар. - Ала-Тоо, 1971, №6.

10. Ибраимов О. Кыргыз прозасы жана азыркы учур. - Кыргызстан маданияты, 1987, 12-март.

11. Кенже прозанын келечеги (З.Кедринанын талкуудагы сөзүнөн). - Кыргызстан маданияты, 1987, 12-март.

12. Ибраимов О. Айрым повесттер жөнүндө. - Ала-Тоо, 1980, №9.


Курманбек Абакиров, филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин профессору, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер