Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Маммүлк фондусунун президенти 170 миң сом айлык алат”


-- Кундузбек Кошалиевич, экс-президент Аскар Акаев Кыргызстандагы бир топ ЖОЖдордо лекция окуй турганы тууралуу маалымат коомчулукта аябай кызуу талкууну пайда кылып, анын натыйжасында белгиленген лекциялар кайра алып салынды. Бул канчалык туура болду деп ойлойсуз?
-- Ал кишиге учурунда мүмкүнчүлүк берилген. Элдин да ишеничи бар болчу. Ошол убакта бүт программасын мамлекеттин өнүгүшүнө иштетиши керек эле. Азыр элибиз ага муктаж эмес. Ал лекцияларын кандай мотивде, кандай максатта окуйт? Эгер актанам десе, анда кеч. Поезд кетип калды да. Билим чөйрөсүндөгү эң күчтүү, акылман киши болуп туруп, кайра илим тармагын талкалаганы... Аны баарыбыз билебиз да. Жеке мен анын лекциясына муктаж эмесмин.
-- Ушуга байланыштуу аны лекция окууга чакырган ЖОЖдордун жетекчилерине чара көрүү боюнча да сунуштар айтылып кетти. Сиз кандай дейсиз?
-- Мен кечээ комитетте да айтпадымбы, саясатчы саясаттын ишин кылсын. Туурабы? Билим берүү тармагы аксап атканын баарыбыз көрүп атабыз. Ошондуктан, ар ким өзүнүн ишин кылсынчы! Баары эле саясатчы болуштун кажети жок. Врач элди дарыласын, мисалы...
-- Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу, анын жетекчилери тууралуу таңгалычтуу маалыматтарды айттыңыз. Ал канчалык чындык?
-- Биз эсеп палатасынын берген жыйынтыгы боюнча айтып жатабыз. Ага ылыйык, маммүлктү башкаруу фондусунун президенти 170 миң сом айлык алат экен. Төрт вице-президенти бар, штатта 65 адам турат экен. Бизде укук коргоо органдары бар, кечээ биздин комитетте айтылгандан кийин алар сөзсүз көңүл буруп, тактап чыгуулары керек. “Мамлекет жакшы болуп кетсин” деген идеяны кээ бирөөлөр башкача пайдаланып жаткан болушу мүмкүн да. Менин жеке пикирим, ар бир жаран азыр мамлекетке жардам беришибиз керек. Сиз, мен, жөнөкөй адамдар дагы – баарыбыз. Мамлекеттен бирдеке сурардан мурда “биз мамлекетке эмне кылып атабыз?” деген суроону беришибиз керек өзүбүзгө. Бул ар бир мекенчил адамдын суроосу болууга тийиш.










