Акыркы кабарлар
» Саясат » Кара-Суу округунан Раимжан Курбанов админресурстун күчү менен утабы?
Кара-Суу округунан Раимжан Курбанов админресурстун күчү менен утабы?
26-апрель, 18:15
476 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌№9 Кара-Суу шайлоо округунан ЖК депутаттыгына талапкер Раимжан Курбановду жергиликтүү коомчулук анчейин билбейт экен. Аламандын шаанисин чыгарган таскагы деле угулган жок. Саясый дымагын, кадамдарын көрсөтө албады. Алдыга карай план, программасы барбы? Элдин жүгүн тартып, көйгөйүн көтөрө алабы? Белгисиз. Убагында көркөм ыр окуп коюп, маданияттын кишиси катары элдир-селдир көрүнүп, анан бийликке жол таап, жазыксыз адам катары чыга келсе, ооба, артында элди үркүтө турган калбыры байкалбаса, анан эле колдоого татыбайт да, туурабы? Сергек ой жүгүрткөн адамдар байкоо салууда. Кара-Сууда капчыктуу, анча-мынча электораты бар талапкерлер четинен баш тартышып, шайлоо марасына жетпей кулашты. Мындай “маски-шоу” Раимжан Курбанов үчүн жүргүзүлүп жатабы? Административдик ресурс көмүскөдөн иштеген кербезиби? Азыр элди алдоо кыйын. Көпчүлүк түшүнбөсө да, түшүнгөн кыраакылар мыйыгынан жылмайып жатышса керек. Кара-Сууда деле топ жарган, тың жигиттер бар да. Мисалы, Алишер, айылдаш акеси...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити