Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук адабиятта салттык төкмөлүк өнөрдүн изилдениши

Улуттук адабиятта салттык төкмөлүк өнөрдүн изилдениши

04-сентябрь, 08:00
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз адабиятынын тарыхын системалуу түрдө тынымсыз изилдеп жүргөн окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Качкынбай Артыкбаев ошол улут адабиятынын тарыхынын салааларынын бири болгон ырчылар чыгармачылыгындагы салттуу төкмөлүк өнөрдү изилдебей, аны кыйгап өтө албайт болчу. Бул өнөрдүн изилденишине окумуштуу ири салым кошту.

Акындык поэзия, анын ичинде салттуу төкмөлүк өнөр улуттук адабияттын тарыхында өзүнчө кайталангыс феномен катары да, көркөм мурастын өзүнчө бир салаасы катары да адабият тарыхчыларынын, теоретиктердин эмгектеринде активдүү чагылдырылып, жалпысынан адабияттаануу илиминин изилдөө объектисине туруктуу айланган, изилдөө иштериндеги маанилүү маселе экендиги, асыресе, далилдөөлөрдү талап кылбаган көрүнүш.

Улуттук адабияттын тарыхынын, теориясынын жана адабий сынынын системалуу изилденилишине өзүнүн бараандуу салымын кошуп келген профессор К.Артыкбаевдин монографиялык жана портреттик мүнөздөгү изилдөөлөрү (“XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы”. – Бишкек, 2004.; “Акыйкат сабагы: адабий сын макалалар, изилдөөлөр, адабий портреттер”. – Бишкек, 1991.; “Талант сыры: адабий изилдөөлөр жана портреттер”. – Бишкек, 1994.; “Устаттыктын улуу бийиктиги”. //Ала-Тоо журналы, 1989. №1. 142-152-беттер) тарыхый-хронологиялык, адабий-теориялык, көркөм-эстетикалык жана адабий сынчылык изилдөөлөрдүн призмасынан алып караганда, ар бири терең анализден өткөрүлгөн, ал эми методологиялык аспектиден караганда, изилдөө объектисине алынган ар бир маселенин генезиси менен узак процесси ар тараптуу анализге алынып, туура таспиеттелип, ары алгылыктуу корутунду-тыянактар чыгарылган. Булар улуттук адабият таануу, адабий сын, теориялык илимий изилдөөлөрдүн салаасында ири маанидеги изилдөөлөрдүн катарын толуктап турат.

Монографиялык изилдөөлөргө караганда, конкрет бир чыгармачыл инсандын адабий мурасын изилдеген адабий портреттер басымдуулук кылган К.Артыкбаевдин “Акыйкат сабагы” деген сын макалалар, изилдөөлөр, адабий портреттер жыйнагына эл ырчыларынын чыгармачылыгына арналган портреттик үч изилдөөсү киргизилиптир. Алар төкмө ырчы жана жазгыч акын, устаттыктын улуу үлгүсүн көрсөткөн Калык ырчынын адабий мурасына арналган “Устаттыктын улуу бийиктиги”, айтылуу Арстанбек Буйлаш уулунун легендарлуу “Тар заманы” жөнүндөгү кеңири изилдөөсү жана эл ырчысы Абдрашит Бердибаевдин чыгармачылыгына арналган “Төкмөлүктөн профессионал поэзияга карай” аттуу изилдөөлөрү эле.

Профессор К.Артыкбаевдин адабий портрет түзүүдө каралып жаткан маселенин «ийне-жибине» чейин «үргүлжү» карап, комплекстүү мамиле жасай билген адабиятчы катары касиеттерин, илимий жөндөмүн белгилөө менен жогоруда сөз болгон үч изилдөөнүн (балким, булардан башка да эмгектеринин) ар бирине өз-өзүнчө токтолуп, ушундан улам окумуштуунун акындык поэзияны изилдөө иштерине кошкон жеке салымын белгилеп алуу милдети алдыбызда турат.

Ырас, улуу ырчы Калык жөнүндө, анын элине калтырып кеткен адабий-маданий мурастары жөнүндө кыргыз адабияттаануу илиминде, акындык поэзияны изилдөө илиминде, кудайга шүгүр, көп эле изилдөөлөр жүргүзүлдү, алардын ар биринде алгылыктуу пикирлер айтылып, ырчынын мурасына карата системалуу, калыпка салынган илим калыптанып калган учуру. Ошентсе да К.Артыкбаевдин бул боюнча жазган адабий портрети акындын чыгармачылык концепциясынын бүтүндөй эволюциясына арналгандыгы менен баалуу.

Адабиятчы-окумуштуу ыр жаратуунун, чыгармачылыктын табиятына кеңири мүнөздөмө берип, мында эл ырчыларынын чыгармачылык табиятынын өзгөчө жактарын белгилөө менен мунусун Калыктын чыгармачылык эволюциясына байланыштуу караган. Калыктын чыгармачылыкка болгон шык-жөндөмү ойгоно баштаган сегиз жаш курагынан тартып, тагыраак айтсак, Эшмамбет менен Жаңыбай ырчынын алым-сабак айтышын жаттап алган бала Калыктын аткаруучулук жөндөмүнөн тартып, «Баскан жол» аттуу ири көлөмдөгү мемуардык чыгармасына чейинки чыгармачылыкта да, турмушта да кадимкидей «тиш кагып» калган мезгилинде жараткан ири көлөмдөгү “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Кедейкан”, “Ак Мөөр” дастандарына чейинки узак мезгилди камтыган өмүрлүк да чыгармачылык да эволюциясын сыдыргыга салгандай саймедиреп баяндап тим болбой, артыкбаевдик стилде, тарыхый-хронологиялык тартипте баяндап, жадагалса сынчылык изилдөөсүн жасаган.

Чыгармачылыкка жаңыдан эле аралаша баштаган бала Калыктын турмушунан зарыл үзүндүлөрдү келтирип, алардан тийипггүү жыйынтык-бүтүмдөрдү чыгаруу менен окумуштуу өзүнүн алгылыктуу ойлорун айтыптыр. Ошентип Калыктын жаш кезинде эле калыптана баштаган адамдык касиеттеринен, “баарыдан мурда анын таптык позициясынын бекемделип, бай-кедейдин ажырымын жөн гана билип тим болбостон, жардылардын таламын талашып, ачык күрөшө баштаганына” чейинки тагдыр жолун, мүнөз-касиеттерин белгилеп отурат. Калыктын аң-сезиминде улам тереңдеп отурган турмуш тажрыйбалары анын “коом турмушундагы ар кандай окуяларга, чындык көрүнүштөргө өзүнүн объективдүү баасын берип, чоң социалдык жалпылоолорду көркөм сөз аркылуу айта билүү деңгээлине жетип калган” абалы чыгармачылыктагы устат-шакирт маселеси менен бирдикте каралган.

Төкмө ырчыларга мүнөздүү болгон өзгөчөлүк, асыресе, устат жана шакирт маселесине тыгыз байланышта каралышы керек экендиги К.Артыкбаевдин да көз жаздымында калган жок. Калыктын жалпы чыгармачыл тагдыр жолунда өтө чоң мааниге ээ болгон улуу устаты Токтогулдун таасири өзгөчө белгиленип, баралына жеткире иштелгенин айтпай өтүү мүмкүн эмес. Ырас, ар бир акын кайсы бир мезгилде кимдир бирөөдөн өнөр үйрөнүп, аны устат күтөт, а качандыр бир учурда өзү кимдир бирөөлөргө чыгармачылык сыр үйрөтүп, шакирт күтөт. Бул атамзамандан бери куйрук улап, үзүлбөй келе жаткан салт, чыгармачылык салт. Калыктын шартында да бул салт бузулган жок. Анын тагдыр жолунда чыгармачылык тыгыз байланыш түзгөн Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Курман, Жаңыбай, Осмонкул, Токтонаалы, Ысмайыл, Абдрашит, Токтосун, Сарыкунан сыяктуу кыргызда салттык төкмөлүктүн классикалык үлгүсүн жараткан акындардын жоон тобу жатат.

Калыктын жалпы ырчылык өнөрүндө акын катары да, адам катары да калыптанып, турмуштук терең түшүнүктөрү түптөлүп, ааламды аңдап-билүүнүн прогрессивдүү аң-сезиминин өнүгүшүнө улуу устаты Токтогулдун чоң таасирин улам белгилеп отурганы болбосо, Калыктын айтыш өнөрүндөгү салтуу төкмөлүктүн баралына жетүү учурун анын Эшмамбет менен болгон айтышы менен байланыштырат, үзүндү келтирели: “Эшмамбет менен болгон айтышуу – бул бизге белгилүү маалыматтарга караганда, Калыктын элге белгилүү болуп калган чоң ырчылар менен болгон поэтикалык биринчи беттешүүсү. Эгерде бул беттешүүдө жеңилип кала турган болсо, Калыктын төкмөчүлүк, ырчылык өнөрүнүн чектелүү экендиги билинип, угуп турган элге анын бедели алда канча төмөн түшүп калмак. Анткени, айтыш – акындын акындыгын, таамай айта алган сөзмөрлүгүн, тапкычтыгын, чечендигин, бир сөз менен айтканда, төкмөчүлүк күчтүү өнөргө ээ экендигин же көрөңгөсүнүн тайыз экендигин көрсөтүүчү бирден-бир сыноо трибунасы болгон. Мына ушу чоң сыноодон жаш ырчы Калык тайсалбай шыр өтө алгандыгын ушул айтышта ачык көрсөткөн” дейт изилдөөчү К.Артыкбаев. (Акыйкат сабагы: адабий сын макалалар, изилдөөлөр, адабий портреттер.-Бишкек: Адабият, 1991.  64-б., мындан ары эмгектин бети гана көрсөтүлөт). К.Артыкбаевдин сөз болуп жаткан изилдөөсү жалпы сомосунан алып караганда, эл ырчысы Калыктын чыгармачылык эволюциясына саресеп салган изилдөө экенин айттык эле. Арийне, окумуштуу ал эволюцияны кылдат тарыхый-хронологиялык тартипке салып, ар бир этапты өз-өзүнчө пункттарда кашкайта көрсөтпөсө да, Калыктын жалпы чыгармачылык өмүр жолун, андагы карманган багыт-принциптерин “жеңилден оорго, жөнөкөйдөн татаалга” карай өсүп-өнүгүп отурган диалектикалык кыймылды таспиеттеп отурганын байкоо кыйын эмес. Ошентип, окумуштуу анализдеп отурган чыгармачылык эволюцияны төмөнкүчө этаптарга бөлүштүрүүгө болоор эле:

1. Калыктын чыткурсак бала кезинен эле чыгармачылыкка ынтаасын коюп, айрым жаттап алган ырларын айтып, өзү да ыр жарата калып, ааламды андоо аң-сезими түптөлүп отурган мезгили.

2. Таптык аң-сезими калыптанып, анысы адамдык да, акындык да позициясына бекем орноп, элдин мүдөөсүн канааттандыра ала турган абалга өсүп жетилген ырларды жарата баштаган мезгили.

3. Чыгармачылыкта Токтогулду, Жеңижокту устат күтүп, алардан, айрыкча Токтогулдан таасир алып, ырларынын мазмундук жана формалык жактан жеткилең, калыпка салынган абалы К.Артыкбаевдин сөзү менен айтканда, “Калык өзүнүн чыгармачылык методунун башкы принцибин биротоло бекемдеди, ал принцип Токтогулдун үлгүсү менен чындыкты айтып ырдоо”.

4. Кыргыз элинин Октябрь төңкөрүшүнө чейинки социалдык-саясый, маданий турмушунун Калыктын ырларынан орун алышы. Эл турмушундагы таптык диктелүүлөр, карама-каршы эки коомдук түзүлүштүн табияты, Калыктын өзү өкүл болгон эзилүүчү карапайым элдин жокчулук абалы, «жеркепеде» өткөргөн аянычтуу күндөрүнүн реалдуу сүрөттөлүшү.

5. Кыргыздын тарыхында улуу бурулуш (жоготуу) болгон улуттук геноцид, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштү, анын себептерин жана натыйжаларын өз көзү менен көргөн Калыктын чыгармачылыгында бул тарыхый окуянын көркөм чагылдырылышы.

6. Октябрь төңкөрүшүнүн жеңиши менен элдин турмушуна эркиндиктин келиши. Социалдык-саясый, экономикалык турмуш жагдайынын кыйла оңолушу менен эл маанайындагы кубаныч-сүйүнүчтү, Лениндин, партиянын, анын идеологиясына ылайык жүргүзүлүп жаткан жаркын турмушту даңазалоо.

7. Качкынбай Артыкбаевдин сөзү менен айтканда, “Калык 1936-жылы Кыргызстандын мамлекеттик филармониясына кызматка өтүп, өмүрүнүн акырына чейин республиканын чар-тарабын кыдырып, өлкөбүздүн көптөгөн жерлеринде болуп, олуттуу жыйындарга катышып, көргөн-билгендерин, өзүнүн ой-туйгуларын төкпөй-чачпай төгүп ырдап, уккан адамдардын черин жазып, кумарын кандырып жүрүп өттү, улуттук искусствонун пайдубалын негиздөөчүлөрүнүн катарынан орун алды”. (К.Артыкбаевдин аталган эмгеги, – 78-79-бб.). Улуу Ата мекендик согуш мезгилиндеги чакырык формасындагы үгүт-насыят ырларын деле ушул этапка кошо туралы.

Белгилүү го, бул урунттуу мезгилдер акындын чыгармачылыгынын улам бийиктеп да, тереңдеп да отурган диалектикасынан, эволюциясынан гана озордук кабар берип чектелбейт. Эң оболу, мындай өсүш көп кырдуу тематиканы, мазмун жана формалык тынымсыз изденүүлөр менен ийгилик-түйшүктөрдү, жаңы табылгаларды, а эң негизгиси, таланттын тынымсыз такшалып отурушун шарттады. Ошентип, Калыктын чыгармачылыгындагы улам өр таяп отурган эволюциялык өсүшү К.Артыкбаевдин изилдөөсүндө өз баралына жеткендигин айтышыбыз зарыл. 


(Уландысы кийинки санда)

Т. Турдугулов А., филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер