Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов: “Биз Уңгар-Тоону коргоп калгандай, Кемпир-Абадды да сактап калууну ойлогонбуз”

Мамбетжунус Абылов: “Биз Уңгар-Тоону коргоп калгандай, Кемпир-Абадды да сактап калууну ойлогонбуз”

23-май, 19:30
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус байке, ден соолугуңуз кандай, жакшы болуп калдыңызбы?

-- Кудайга шүгүр. Бирок дагы эле дарылоо улантылып жатат.

-- Сиз СИЗОдон чыгар замат биз сизден чакан интервью алдык эле. Анда тергөө тарабынан коюлган чектөөлөрдү бузбаш үчүн жана Кемпир-Абад маселеси боюнча СИЗОдо калган өзүңүздүн тагдырлаштарыңыздын бөгөт чаралары да үй камагына өзгөртүлүшү үчүн иш сотко өтмөйүнчө бийлик менен араздашпай турганыбыз оң деген пикир айттыңыз эле. Бүгүн массалык маалымат каражаттарында Кемпир Абад маселеси боюнча камакка алынгандардын айрымдары президент Садыр Жапаровдун дарегине ачуу билдирүү жарыялашты. Алардын ичинде сиз да бар экенсиз. Эмне, сиз бизге айткан пикириңизден кайра кайттыңызбы?

-- Жок, кайткан жокмун. Мен дагы аталган билдирүүнү сизге окшоп массалык маалымат каражаттарынан окудум.

-- Анда эмне үчүн сиздин атыңыз бул билдирүүдө кошо аталып жатат?

-- Сиз айтып жаткан билдирүүнү окуп чыккандан кийин мен атым эмне үчүн аталып жатканын түшүндүм. 

-- Түшүнбөдүм, ачыктап бересизби?

-- Макул, ачыктайын. 2016-жылдагы өкмөт башчыбыз Темир Сариев Уңгар-Тоону Өзбекстанга өткөрүү боюнча токтомго кол койгондуктан, “Уңгар-Тоону элибизге сактап калалы” деген ниетте 2016-жылдын 22-мартында мен жана Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Улук Маматаев, Айбек  Бузурманкулов, Таалайбек Мадеминов, биз менен кошо ошол учурда оппозицияда жүргөн Камчыбек Ташиев дагы Аксы районунун борборунда элдик курултай өткөрүп, ошол курултайдын чечими менен Уңгар-Тоону элибизге сактап калганбыз. Сиз айтып жаткан бүгүнкү билдирүүдө Уңгар-Тоо боюнча да сөз козголгондуктан, Ташиевден башка баарыбыздын атыбыз толугу менен аталыптыр. Ошондуктан бул тарыхый чындыкты элибиз биле жүрсүн (!) деген таризде менин атымды кошуп койгондой туюлду мага. Биз ошондо Уңгар-Тоону коргоп калгандай, Кемпир-Абадды да сактап калалы деп аракет кылсак, булар төңкөрүш жасаганы жатат деп бизге жалган жалаа жаап, былтыртан бери биз менен кошо Кемпир-Абадды коргоого кошулган жыйырмадан ашык кыргыздын патриоттору күнөөсүз камакта отурушат. Ал эми мен өзүм боюнча айта турган болсом, “биздин ишибиз сотко жетмейинче, ачууга алдырбай, өзүбүздү бир аз ооздуктап турганыбыз оң” деген пикирден дагы деле кайта элекмин. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер