Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков: “Түрмөдө отурганыма өкүнбөйм, мага чоң сабак болду”

Равшан Жээнбеков: “Түрмөдө отурганыма өкүнбөйм, мага чоң сабак болду”

24-октябрь, 14:22
1 289 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Равшан мырза, эркиндикке чыкканыңызга кубанычтабыз! Өткөн күндөргө өкүнбөйсүзбү? Сизди камоого ким кызыкдар болду? Ким көрсөтмө берди?

-- Тилекке каршы, биздин сот системасы, укук коргоо органдары толугу менен бийликке көз каранды. Ошондуктан саясый буйрук менен күнөөсүз адамдарды, бийликке каршы тургандарды камап коюу аябагандай жеңил. Түрмөдө өткөн бир жыл мен үчүн чоң сабак, олуттуу сынак, эбегейсиз тажрыйба болду. Ал күндөргө өкүнбөйм. Эч кимге кек да сактабайм. Авторитардык мамлекеттерде, мисалы, Россияда, Беларуста, Казакстанда мындай маселелер көп кездешип жатат.  

Биз саясатта жүргөндөн кийин мындай нерселер болуп турат. Колубуздан келишинче башка саясатчыларды мыйзамсыз каматпаганга жардам беришибиз керек. Биринчи кезекте сотту адилеттүү жүргүзүүгө, бийлик акыйкаттуулугун кылганга аракеттенип, ак адамдарды жөн жерден камабаганга шарт түзүшүбүз зарыл. Бул үчүн мыйзамдык жолдору издешибиз керек. 

-- Дасыккан саясатчы катары учурдагы коомдук-саясый, экономикалык абал тууралуу оюңуз?

-- Учурда коомдук саясый акыбал оор бойдон калууда. Биринчиден, бийлик алмашканы менен экономикалык-социалдык каражат маселеси мурдагыдай эле чечилбеген, оор бойдон сакталууда. Бүгүнкү күндө бюджетте каражат жок. Экономика толугу менен кризисте турат. Социалдык абал, жумушсуздук, жакырчылык, пандемиянын кайра каптап келе жатканы, кыштын жакындаганы – абалды мурдагыдан да бир топ курчутуп бара жатат. Бийликке болгон ишеним бат эле өзгөрүп кеткен жок. Бийлик алмашканы менен оор акыбал чечилбей,  адамдарда нааразылык мурдагы деңгээлде эле сакталууда. Ошондуктан жаңы өкмөт, бийлик биринчиден, социалдык, экономикалык абалды чечип, каражат издегенге көбүрөөк көңүл бөлүп, кичинекей ишеним бар кезде кандайдыр бир реформаларды жасаганга аракет кылуулары керек. 

-- Кайрадан эле мурдагыдай шайлоого баруудан өзгөрүү болобу? Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров конституциялык реформага барбаган соң чоң өзгөрүү болуп кетпестигин, партиялык системага нааразылыгын, Конституция бузулганын айтты...

-- Шайлоо күнүнүн датасы белгиленди. Эми азыр мыйзамды, Конституцияны өзгөрткөнгө да мүмкүнчүлүк жок. Анткени, парламент араң эле чогулуп иштеп жатат. Кайрадан шайлоону өткөрүп алып, анан жаңы келген парламент кандайдыр бир маанилүү өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк түзөт. Айрыкча Конституцияны өзгөртүүгө убакыт ченелүү болуп калды. Азыр бир мандаттуу шайлоодон кечиктик. Шайлоо босогосун 3%га, күрөөнү 1 млн. сомго түшүрүп, “форма-2ни” жок кылса, кандайдыр бир деңгээлде таза шайлоо өтүшүнө шарт түзүлөт (!) деген үмүт бар. 

-- Жаңы өкмөт тарабынан кызмат сунушташтыбы? Мындан аркыга кандай пландарыңыз бар?

-- Биринчиден, мага эч кандай сунуш болгон жок. Кандайдыр бир реформаларга, өзгөрүүгө жардам керек болсо жардамымды аябайм. Колдон келсе парламентке барып, ал парламенттен сунуштар болсо, ишке ашырганга мүмкүнчүлүктөр болот. Азыр бизде убактылуу өкмөт. Көп маселе алдыда. Чечилбеген көп кыйынчылыктар бар. Алардын баардыгы жаңы парламент келгенден соң өз нугуна түшө баштайт. Мыйзамдуу жол эки-үч айдан соң гана пайда болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер