Акыркы кабарлар
» Саясат » Дааватчы Нуржигит Кадырбековдун элементардуу көйгөйлөргө башы жетпеди
Дааватчы Нуржигит Кадырбековдун элементардуу көйгөйлөргө башы жетпеди
31-октябрь, 11:15
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кинотеатрларды ачуу сунушу менен өкмөткө кайрылды. Себеби кызык, кызматкерлерди ойломуш этип, кризис, жумушсуздукка шылтоолоптур. Акылыңа баракелде! Бул эргул башка планетада жашап жүрөбү? Күнүгө коронавирус жугузгандар 500 адамдан ашып, барган сайын кырдаал курчуп баратат. Адамдар өлүүдө. Пандемия апаатына каршы чараларды көрүүнүн ордуна, кинотеатрларга элди жайылтып, туңгуюкка кептегени жатканын кара! Дааватчы-министр Кадырбеков элементардуу көйгөйлөргө башы жетпесе, креслого илээшип эмне отурат? Кетпейби? Же вирусту күчөтүп, карапайым калкка кыргын салгысы келеби? Айтор, суроолор көп!
"Азия Ньюс" гезити