Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Владимир Жириновский жайына узады

Владимир Жириновский жайына узады

06-апрель, 17:55
1 021 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оор жана узакка созулган оорудан улам Россиянын либерал-демократиялык партиясынын төрагасы Владимир Жириновский каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Telegram баракчасына билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Володиндин айтымында, Жириновскийдин саясаттагы орду масштабдуу болгондуктан, ЛДПР партиясынын лидерисиз азыркы Россиянын саясый системасынын өнүгүү тарыхын элестетүү кыйын. Анын ишине эң жакшы баа шайлоочулардын колдоосу болгон.

Буга чейин 25-мартта россиялык басылмалар анын өлүмү тууралуу жазып чыгышкан. Анда Володин бул маалыматты четке каккан. 2-февралда коронавирус жуктуруп алган Жириновский борбордук клиникалык ооруканага жаткырылган. ММКлар анын өпкөсү катуу жабыркаганын жазышкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер