Канат Эшатов: «Өзбекстан, Тажикстан, Арменияга караганда, бизде нефтинин баасы төмөн»
Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти менен маек.
-- Азыркы учурдагы күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшүнө кандай факторлор таасир этип жатат?
-- Бул дүйнө жүзүндөгү көрүнүш. АКШ акчасынын, баррелдин жана нефтиге болгон баанын өсүшү ушуга алып келүүдө. Бензиндин басымдуу бөлүгүн Россиядан алып келгенибиз, ал жактагы дүң баалардын жогорулашы да себеп болууда.
-- Бирок, нефтинин баасы кескин өскөн жок да...
-- Кандайча өскөн жок? Ал бир жумада кичине ылдыйлайт, экинчи аптада кайра көтөрүлүп кетүүдө. Эгерде туруктуу бир баада кармалып турса, «баасы өскөн жок» деп айтсак болот. Бир биржада кичине ылдыйласа эле «нефти төмөндөп баштады, бензин да арзандашы керек» деген туура эмес түшүнүк. Ал бизге келгенче бир жарым ай убакыт кетет. Биржада көрсөтүлгөн нарк келечектеги баа болуп эсептелет. Келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү нефтини алып, иштетип чыгып сатканда гана бул баа бизге жетүүдө. Дүйнөдөгү баардык соода-сатык доллар менен аткарылат. Бир дагы мамлекет өзүнүн улуттук валютасы менен сатпайт. Мисалы, биз Россиядан доллар менен сатып алып, Кыргызстанда сом менен сатабыз. Кайра ошол сомду долларга айлантканда көлөмү азаят. Ошондон улам дагы баа өсүп жатат. Себеби, бир жыл ичинде биздин сомдун девальвациясы 21 пайызга өсүп, наркын бир топ жоготту. Бул өтө терс көрсөткүч.
-- Россия менен сүйлөшүүлөр аркылуу бааны төмөндөтүүгө болобу?
-- Сүйлөшүүлөр бул маселени чечпейт деп ойлойм. Алар товарын чыгашага сатпайт да. Өздөрүнүн кызыкчылыгын биринчи ойлойт. Мисалы, Кыргызстан Европа жана Балтика мамлекеттерине караганда, күйүүчү-майлоочу майдын бир тоннасын 100 долларга арзаныраак алабыз. Буга карабастан кымбатчылык каптады. Бүгүнкү күндөгү Россия менен биздеги баа бирдей. Алардагы чекене баада 80 тыйынга айырма болушу ыктымал. Ал эми Өзбекстан, Тажикстанга караганда бизде бир кыйла төмөн. Ушу тапта Арменияга салыштырмалуу баа 20 сомго ылдый. Өзбекстанда АИ-92 бизден 9 сомго кымбат. Кыргызстанда 50-60 сом болуп жатса, аларда 64 сом 70 тыйын.
-- Ошондо, баа мындан дагы өсөбү?
-- Биздин божомолдор боюнча баа турукташышы керек. Анткени азыркы күндө дүйнө жүзү боюнча нефтини өндүрүү көлөмдөрү чоңоюп, акыркы эки-үч жуманын ичинде Россияда аз болсо да баа турукташып калды, биз эми ошол баанын ылдыйлашын күтүп жатабыз. Эгер ушул эле темп менен кетип, дүйнөдө нефть өндүрүү арбыса, биздеги баалар дагы арзандай баштайт.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити