Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча акыйкат иликтөө жүргүзүүнү суранабыз!

Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча акыйкат иликтөө жүргүзүүнү суранабыз!

21-июнь, 12:00
508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кадыр-барктуу саясат талдоочу, эл аралык маселелер жаатындагы белгилүү адис, политология жана экономикалык саясат боюнча окутуучу, иликтөөчү жана дили таза инсан Казакпаев Марат Сайнидинович дүйнөдөн өттү. Бул жакындары, туугандары жана атамекендик илим жана билим берүү үчүн чоң жоготуу болду. 

Марат Казакпаев дайыма активдүү жашоо позициясын карманып келген, анын адамгерчиликтүү, жашоону сүйгөн жана оптимисттик сапаттары башкалардан өзгөчөлөнтүп турчу. Ал абдан боорукер жана татыктуу адам эле. 

Кыргызстандын эксперттик коомчулугу жана саясат талдоочулары Марат Сайнидинович Казакпаевдин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

Марат Казакпаев эсибизде ишенимдүү жолдош, акылгөй инсан жана бийик деңгээлдеги эксперт катары калат.  

Тийиштүү кызматтардан Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча тыкыр жана акыйкат иликтөө жүргүзүүнү суранабыз. 

Аскар Айтматов, Бакыт Бакетаев, Кубан Абдымен, Токтогул Какчекеев, Марс Сариев, Табылды Акеров, Игорь Шестаков, Шерадил Бактыгулов, Турат Акимов, Кайрат Осмоналиев, Эдил Осмонбетов, Аида Алымбаева, Дмитрий Орлов, Эмиль Джураев, Заирбек Эргешев, Бакытбек Жумагулов, Денис Бердаков, Айболот Айдосов, Алибек Мукамбаев 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер