Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз аялдары эркектер менен тең укукта болушкан...

Кыргыз аялдары эркектер менен тең укукта болушкан...

14-февраль, 09:00
736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Лирикалык толгонуу)

“Автобуска түшсөм эле мемиреп уктап кетем, эмне үчүн?” деген Өмүркүлдүн суроосуна Такен минтип жооп бериптир: “Сен наристе чагыңда арча бешикке бөлөнгөнсүң. Энең сени терметип жатып уктаткан. Күнү-түнү жатсаң дагы алдың кургак болгондуктан ойлонгон эмессиң. Автобуска түшкөндө уктап кетип жатканыңдын себеби ошол. Термелүү сенин жандүйнөңө сиңип калган. Автобустун жүрүшү сени терметип жатат”. 

Бешиктеги бала ыйлаганбы? Ыйлаган. “Бала ыйлабаса эмчек жок” деген сөз ошондон калса керек. Курсагы ачкан баласын энелер үч аркар жылдыз батканча үч кайтара эмизишкен. Түн ортосунда өзүнүн уйкусуна кайыл болуп, терметип жатып бешик ырын ырдап беришкен. Энелердин бул ыры наристенин кулагына сиңип калган да. Ошон үчүн кыргыздар ыр жандуу болуп, даярданбай туруп эле ырга ыр менен жооп берип келебиз. Айтыш ушундан улам келип чыккан. Биздин эң жакын туугандарыбыз казактар да бешикте чоңоюшкан. Ошондуктан кыргыз менен казактан башка дүйнө жүзүнүн эч бир эли даярданбай туруп ыр менен жооп бере албайт.

Баланын ден соолугу менен акыл-эстүү жана күч-кубаттуу чоңоюшу – кыргыз энелердин эң башкы камкордугу болгон. Ошондуктан наристе ыңаалап жерге түшкөндө эң биринчи карынга куюлган сары май менен оозандырышкан. 

Кыргыз энелер кумурскадай өтө эмгекчил болушкан. Үй ичиндеги оокат-кече, тамак-аш, конок күтүү – ушунун баары өз мойнунда болгондугуна карабастан, бала баккандан эч бир эринген эмес. Жалаягын өз колу менен жууп, булактын таза суусуна киринткен. Көйнөк-көнчөгүнөн тартып, баардык кийим-кечесин өз колу менен тигип беришкен. Кымыздан башка суусундуктун түрлөрүн да даанышман энелер ойлоп табышкан да. Арпаны кум-ташы менен чөп-чарынан жадабай отуруп тазалап, кара казанга күйгүзүп жибербей абдан бышык куурушканын билебиз. Куурулган арпаны сокуга салып, сокбилек менен сырткы күйүгү менен кабыгы кеткиче таза күйшөгөн. Ошондон кийин жаргылчакка тартып, арпа тарткандан көбүгү чертилип, буркулдап ачыган ачкыл жарманы даярдашкан. Чаңкаган адам жутканда, таңдайына так этип, көзү ачыла түшкөнү белгилүү. 

Ачкыл жарма жасоону казак туугандарыбыз билбейт. Мына ошентип арпа, буудайдан талкан жасоону даанышман кыргыз энелер ойлоп табышкан. Казак туугандар тарууну сүткө бышырып жегенди жакшы көрүшөт. 

Кыргыз энелер таруудан ичкен сайын ичүүнү тилеткен “бозо” деген суусундукту ойлоп чыгарышкан. Таруу бозону эң биринчи көргөн казак туугандар “коюусун өздөрү жеп, суюгун бизге берди” деп таарынышкан жагы бар.

Кышкысын кыргызда “жоро бозо” деген тамак ичүү салты болгон. Жети-сегизден үй-бүлө улам кезектешип бири-бирин чакырышып, кыштын узак түнүндө эт менен кошо таруу бозого тоюп алып, бозүйдө жыргап уктап жатышчу.

Бозонун өңү боз болот,

Бозону ичкен мас болот.

Бозону ичип алган соң,

Бойдогу сөздөр козголот, - дешип сармерден менен бири-бирине ыр узатышкан. Мына ошентип кыргыз элинин жашоосу куунак болгон да. 

Мунун баардыгы, албетте, кыргыз эненин талыкпаган эмгегинин жемиши. Буудайдан угут өндүруп, отту жагып алып шак кайнатуу түйшүк эле жумуш, бирок энелер эринген эмес. Бозо суусундугунда адам үчүн өзгөчө касиет бар экенин бүгүн түшүнүп отурабыз. Бозо боорду жакшы иштетип, өттү тазалап турчу экен. Классташым Масылов Такен экөөбүз сүйлөшүп отуруп ушуну байкадык. 1950-60-жылдары өт оору, “өтүн алдырыптыр” деген сөздү эл ичинен уккан эмеспиз.

 Үй ичиндеги баардык жумуш менен бирге бала тарбиялоо да энелердин милдети сыяктуу болгон, анткени энелер дайыма үйдө болушкан. “Жай мезгилинде эс алам” дегенди билишкен да, айтышкан да эмес. Үч-төрт ай карынга сары май куюп, сүзмө сүзүп, курут кургатып, кышында жей турган тамак-ашын даярдашкан.

Жаш кыздар жоолук салынган эмес, тебетей кийишкен. Кулактары күнгө күйүп, кара кулак болушкан, турмушка чыга элегин ушундан билинчү. Жоолукту келиндер салынган. Ата-бабанын каада-салтын, улуттук тарбиясын билбеген XXI кылымдын келин-кесек, аялдары 1-2-класс окуган кыздарын жоолук менен бети-башын таңып койгонун көргөндө, “эй, бул бой жетелек секелек кызды да ушинтип коёсуңбу? Билсең, мунуң уят! Анчалык эле мусулман динине берилгениңди билдиргиң келсе, берилгениңди билдиргиң келсе, өзүң беш убак намазыңды окуй бер. Бирок, кыргыздын беш көкүл кызын минтип жолунан чыгарба!” деп ачууланып кыйкыргым келет.

Даанышман кыргыз энелердин дагы бир өзгөчөлүгү – күйөөлөрүн үйдүн ээси, балдардын атасы деп сыйлаган. “Мен билем, сергек туям” деп эркектен жол талашкан эмес. Бул “кыргыз аялдарынын укугу чектелди” деген сөз эмес. Кыргыз аялдары эркектер менен тең укукта болушкан. Муну дүйнөлүк тарыхчылар белгилеп айтып жүрүшөт. Керек учурунда колуна курал алып душманга каршы салгылашкан Кыз Сайкал, Каныкей эне, Толгонай (тарыхта Томирис деп жүрүшөт), Жаңыл Мырза жана башкалар. Мен “аталар акылдуу болгон” десем, “жок, энелер акылдуу болгон” дейт жогорку билимдүү врач, 87 жаштагы Ибраев Абдыкерим аксакал.

Өзүм күбө болгон нерсени айтып берейин. Биздин айылда жакынкы эле кошунабыздын кемпири “мен карып баратам, абышкамды жакшы баксын” деп өзүнүн жакын сиңдилеринин бирин күйөөсүнө алып берген. Абдыкерим аксакал күбө болгондой, даанышман кыргыз энелер болор-болбоско чатак салып, үй-бүлөнүн бузулушуна, эрди-катындын ажырашуусуна жооп берген эмес. Ошондуктан кыргыздан тоголок жетим калуу же тирүүлөй жетим (ата-энеси ажырашып кеткендер) жокко эсе болгон. Ата-эненин мээримине бөлөнүп өскөндүктөн, Каныкей энебиз айткандай, “кыргыздын балдары баатыр, кыздары сулуу болгон да”. 

“Бекердин чылоосу жок” деген сөз бар кыргызда. Мунун мааниси көпчүлүк учурда бош жүрсө да жумушу бүтпөгөн, ошентип “колум бошобойт” деп даттанган аял. Ушунун сыңарындай, бүгүнкү аялзатынын үй-тиричилик жумушу абдан эле жеңилдеди. Кир-кокту автомат жууйт. Электр тогуна сайып койсо чайы кайнап, газ плитада эти бышып жатат. Илгеркидей опур-топур конок күтмөй жок. Келиндер чачын тармалдатып алып, кайнатасы менен кошо кафеде тойдо отурат. Наристелер арча бешикке бөлөнбөй калды. Бала эки жашка чыкканга чейин памперс кийип, заарасы менен заңын 4-5 саат өзү көтөрүп жүрөт. Ушундан кийин XXI кылымдын кыргыз энелери “бала бактым” деп кантип айтат? Айта албайт го...

Илимий-техникалык прогресстин заманына жараша урмат-сыйга татыгандар да ылдамдык менен көбөйдү. Эл алдында беш жолу ырдап чыккандар эмгек сиңирген артист. Жоокер кийимин кийгендердин көбү генерал. 80-90 жашка чыккандар Эл Баатыры. Бирок булар “куурчак баатырлар”. Кыргыздын эң акыркы баатыры Чолпонбайды төрөгөн Сураке энеге таазим, урмат жана даңк!


Мукан Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы. Тел.: 0706-33-88-04 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер