Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » №4 оорукана эми “Шаардык тез жардам ооруканасы” болуп өзгөрмөкчү

№4 оорукана эми “Шаардык тез жардам ооруканасы” болуп өзгөрмөкчү

01-февраль, 17:35
1 006 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору “Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы” болуп кайра түзүлөт. Бул туурасында саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн министр Алымкадыр Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тийешелүү процедураларды жасап жатканы айтылды.

Маалыматка караганда, кайра уюштурууга борбордун түптөөчүлөрүнүн үч тараптуу келишиминин негизинде (Бишкек мэриясы, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана саламаттык сактоо министрлигинин) иштеп жатканы себеп болгону айтылат.

Министрлик пандемия жогорку чегине жетип, ооругандар көп болуп жаткан учурда ооругандарды жаткыруу үчүн койкалар аз болгондугун да эске салган. Мындан сырткары, түшүнүксүз абал жаралып калган учурларда бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн диагнозду так ажырата билип, тийешелүү стационарга жаткыруу зарылдыгы белгиленген.

"Андыктан жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун элди сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо, медициналык тез жардамды күнү-түнү көрсөтүш үчүн “Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына” айландыруу максаттуу болот" деп кабарланган маалыматта.

“Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы” бишкектиктерге капыстан катуу ооруп калганда, травма алганда, бөөдө кырсыкка кабылганда, ууланганганда, кырсыкка туташ (жапырт) кабылганда, ыкчам, күнү-түнү кабыл алган көп профилдүү, адистештирилген медициналык жай болору айтылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер