Акыркы кабарлар
» Саясат » Азамат Арапбаев миллиондогон салыктарды жашырганбы?
Азамат Арапбаев миллиондогон салыктарды жашырганбы?
06-ноябрь, 11:59
502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бийликтин кайсы партиясына болсо да өтө калып, мандатка ээ болуп, бизнестерин күмөндүү таризде жүргүзүп келген Азамат Арапбаевдин ойт бермелигине эрксизден жылмаясың. КСДПны чанып, “Биримдикке” секирип кеткени аз келгенсип, эми жаңы бийликке тымызын кошомат кылууда. Башкасын эске салбасак да, Азамат Арапбаевге караштуу Араван районундагы “ЮКСМ” ЖЧКсына катталган цемент заводу тийешелүү салыгын төлөбөй, миллиондорду жашырып келгени ачыкталабы? Дал ушул жагынан финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев кызматкерлерине тапшырма берсе, тез эле оркойгон мыйзам бузуулар чыгып калбайбы? Же Азамат Арапбаев алдын ала сыйкырлап, ооз басырык берип коёбу? Албетте, олуттуу суроолор көп. Сыймык Жапыкеевдин духу жетеби?
"Азия Ньюс" гезити