Манас Осмон, эркин журналист: “Чек араларды тактап алсак, ошол биздин өлкө үчүн чоң утуш”
-- Кыргыз-тажик чек арасынын чечилүүсү создугууда. Кандай келишпестиктер болушу мүмкүн? Эмне үчүн бул багытта коомчулукка көп маалыматтар жетпей жатат?
-- Чек ара татаал маселе. Анын чечилишинин создуктурулуп жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай татаал маселеде купуялуулук шарт болушу керек деп ойлойм. Өлкө жетекчилери ушул жылдын күз айларын этектеп чек арага чекит коюшарын айтышкан. Мындай ак ниетти баардыгыбыз колдошубуз керек.
-- Чек ара тилкелерин аныктоодо кайсы өлкө утушка ээ болот деп ойлойсуз?
-- Эки өлкө тең утушка ээ болот. Эгер чек араларды тактап алсак, ошол биздин өлкө үчүн чоң утуш да. Анан "андай кылыптыр, мындай кылыптыр”, же “ал жер кетиптир, бул жер келиптир” деген балжырак сөздөрдү токтотуш керек. Чек ара чечүү эң оор иш.
"Азия Ньюс" гезити