Эдил Байсалов элчи болуп кетип, бийлик алсырай баштадыбы?


АКШдагы элчи Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек берип, саясый чөйрөгө талкуу жаратты. Анысына токтолуп отурбайлы... Ал оппозициядабы же бийликте болобу, ар дайым өз чындыгын билдирип, коомчулуктагы көзгө байкалбаган саясый түйүндөрдү чечмелей алат. Байма-бай акыл айтып турбаса, көпчүлүк караңгылыкка батып кетеби? Башкасын айтпасак да, Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровго чын жүрөгүнөн болушуп, кыйын кырдаал келатканын кыйыткансыды. Эмоциясы менен көп нерсени сездирүүдө... Бирок бийликтеги аткошчулар келечекти терең талдоого чамалары жетпей жатканын, алсыздыктарын, ошого катар кайдыгерликтен көтөрүлө албагандарын байкатып койду окшойт. Бул жагын элчи мырза аңдап, тынчсыздануу менен коңгуроо какканга жарады. Байсалов алдын ала оош-кыйыштарды сезчү эле, деги тынч эле болсо экен... Каарманыбыз алыска кетип, бийлик алсырай баштадыбы? Күйөрмандар баштарын катышкандары кызык...











