ИИМ кадрдык жактан чыңдалууга барса, УКМКны артта калтырат
Учкай саресеп салалы. УКМК функционалдык милдеттеринен сырткары көп багытта иш алып барууда. Уюшкан кылмыштуу топторго, алдамчылыкка, сойкулукка, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө. Эми чөнтөкчүлөргө, батир тоногондорго жана мал уурулукка да аралашса, анда милиция кызматкерлери байкоочу катары эле калышабы? Андыктан, ИИМ таасирин, күчүн жоготпош үчүн кадр саясатын чыңдаш керек. Өздүк курамда кыйын профессионалдар, ишин берилүү менен сүйгөндөр, милдетин так аткаргандар арбын. Андай жетекчилерди райондук деңгээлде кармап, убакытты өткөрө бербей, облустук же республикалык масштабдагы башкармалыктарга көтөрүү зарыл. Акырындык менен милициядагы тың кадрлар баш көтөрүшсө, УКМКга теңтайлашууга, керек болсо алардан өйдө турууга мезгил келет. Себеби, ИИМде байкалбай жүргөн кыйын адистер жетиштүү. Мына ошолорду пайдаланып, жогорку тепкичтерге тартса, камчы салдырбай кетет го? Ооба, бул жагын генерал Нурбек Такабаевич жакшы түшүнүп, кесиптештерине күйүп, электен өткөрүүгө аракет жасап жүрөт. Бирок, бир аз чечкиндүүлүк жетишпей жаткандай...
"Азия Ньюс" гезити