Дөөлөт Сыдыков “манасчылыкка” шек келтирсе, Гүлзат Аалиева аны “баатыр” кылууда


Кыргызды кыргыз кылып сактап келген “Манас”. Чокан Валиханов “Манас” – кыргыз турмушунун энциклопедиясы” деп айткан. Илгертен кыргыз баласы бул эпосту угуп чоңойгон. Ошон үчүн манасчыларга да сый-урмат көрсөтүп келишкен. Алар азыр деле куру кол эмес. Рыспай Исаков, Талантаалы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыковдор “эмгек сиңирген артист” наамын алышты.
Дөөлөт Сыдыков саясый жагынан активдүүлүгүн көрсөтүп, мурда эле митингге чыгып, парламентке чейин барып сүйлөп жүргөн. Ага чейин “Манасты” арбактардан алып жатат (!) деген Бүбү Мариямдын бузук вариантын колдоп, коштоп жүргөн “Айгине” бирикмесинин башчысы, мазар изилдөөчү Гүлнара Айтпаеванын этегин кармап, ошонун уюмун айланчыктап жүргөнүн айтышууда. Эми ошол Дөөлөт дөөлөтүн көтөрө албай, жаман жорук баштап, элин-жерин таштап, бейөкмөтчүлөрдүн колбаласы болуп, өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу коомчулук ар кандай пикирде. Бирок анын аракеттерин саткындык катары баалагандар да бар. Анткени кыргыздын тарыхында кандай кыйын учур болбосун манасчы эл менен болгон, ачууну да, таттууну да эл менен көргөн. Минтип кара башын ала качкан жалгыз Дөөлөт Сыдыков болду.
Эми манасчынын салтка сыйбаган жоругун колдоп Гүлзат Аалиева деген чыкты. Көрсө, ал да кайып дүйнө менен байланышы бар Гүлнара Айтпаевага окшогон АКШнын акырынан жем жеген перилердин бири беле? Кайып дүйнө менен байланышкан Бүбү Мариямдын “Манасына” Нарын облустук соту тыюу салган чечим чыгарганын батышчыл манастаануучунун эсине сала кетели. Кайып дүйнөнү даңазалаган Гүлзат Аалиева студенттердин башын айлантып, “Манасты” бурмалап окутуп жатканы – анын эпос боюнча айткан компетентсиз пикирлеринен айкын көрүнөт. Натыйжада “Акбара” болуп жатканынын себеби, аны тактеке кылып ойноткон кожоюндары бар экени, биздин баёо манасчы да ошолордун жайган торуна илинип калган көрүнөт. Иши кылып “Манастын” тегерегинде чайкоочулук кылган “баатырлар” көбөйүп баратат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Гүлзат Аалиева “Манастын” атын жамынбай, Дөөлөттү ала чуркабай эле, кыйын болсо өзүнүн философия адистиги боюнча көзгө көрүнө турган бир эмгек жазып албайбы.
"Азия Ньюс" гезити











