Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баалуу таштардын, байлыктын арасында өлгөн аялдын армандуу баяны

Баалуу таштардын, байлыктын арасында өлгөн аялдын армандуу баяны

20-январь, 20:00
2 094 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сулайман ажы баракчасына кызык окуяны жазып чыкты:

Йеменде коркунучтуу суу ташкыны болуп, аймак кыйроого учурады. Сел токтогондо эски мүрзөлөрдүн бири ачылып, бир аялдын сөөгү жана чоң байлык чыгып калды. Мүрзө тышындагы жазуу бул сөөк Химярий башкаруучуларынан болгон Зу Шарафтын кызы Тажа аттуу аялга таандык экендигин билдирет эле. Азирети Юсуф (ас) доорунда жашаган Тажанын сөөгүндө жети бермет шуру, билектеринде жети алтын билерик жана манжасында да баа жеткис шакектер бар эле. Ошондой эле баш жагында өтө баалуу таштар менен толтурулган бир табыт казынадай жаркырап турган. Табыттын алды тарабында жазылган сөздөр асыл таштардан да маанилүүрөөк эле: “Мен Зу Шарафтын кызы Тажамын. Өлкөбүздөгү катуу ачарчылыкты токтотуу үчүн азык оокат алып келгени Египеттин казынасын башкарган Юсуфка адам жибердим. Көп убакыт өткөнүнө карабай жиберген адамым кайтпады, акыры кээ бир адамдарга бир кап (50 кг) күмүш берип, каерден болсо да бул күмүштөргө бир кап ун алып келүүлөрүн сурадым. Алар да таба албай, куру кайтышты. Акыры (50 кг) алтын берип, дагы бир жолу адам жиберсем да, таба алышпаган үчүн берметтерди “тоюп жегенден” башка чара таба албадым. Бирок ал да тойгуза албай, чоң байлыктын ичинде ачкачылыктан өлүм менен бетме-бет калдым. Менин бул окуямды уккандар мага боору оорусун! Аттиң, дүйнөдө менден башка кайсы аял мынчалык зыйнат таш байлыктар ичинде ачкачылыктан өлгөн экен?..”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер