Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Жусупбек Коргонбай уулу куудул Тынар Курбаналиевге тема таап берди
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу куудул Тынар Курбаналиевге тема таап берди
23-июнь, 10:59


Казинолордун ачылуусу боюнча Жусупбек Коргонбай уулу парламентте сүйлөп жатып, “задний проходдон местныйлар киришсе, чатак болот” деп баарын күлдүрдү. Олуттуу маселеден кеп баштап, аягы тамашага айланып кетти. Мындай ирмемди куудул Тынар Курбаналиев жаза кетирбес эле, эми ага тема табылды окшойт... Негизи кумар оюндары чет элдик саякатчы, туристтер үчүн иштей турганы, мамлекеттин казынасына киреше түшөрү айтылууда. Бирок канчалык деңгээлде көзөмөлгө алынары белгисиз. Казинолор иштеген жерде кылмыштуулук, сойкулук, дээрлик чыр-чатактар орун алары белгилүү. Бул жагынан атайын органдардын көзөмөлү күчөтүлбөсө, абал чынында эле чатагына айланары ажеп эмес. Бирок, акча оңой жолдо табылбайт эмеспи, өкмөт тобокелдикке барууда.
"Азия Ньюс" гезити











