Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу жолдон уңгу жолго өтөлү!

Улуу жолдон уңгу жолго өтөлү!

13-октябрь, 17:50
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызымдын тарыхы терең,

Келечеги кенен, жасаган иштери белен.

Кыргыз эли Манастын урпагы экен,

Ала-Тоосун ыйык деген.

Ал жердеги эл эгемен,

Ар дайым болсун эсен.


Бүгүн Илимдер академиясына Кудай берди,

Себеби, президенттин өзү келбесе да,

Сөзү келди, китеби келди, өкүлү келди.

“Улуттук дем” деген китеби келди

Чогултуп бүтүндөй күткөн элди,

Уңгу жолунун таржымалын айтып берди.

Элибиздин башкы байлыгы – анын сыймыгы эгемен мамлекети, эркин эли. Кыргыз эли эчен кыйынчылыктан, катаал сыноолордон, канча кан төгүүлөрдөн өтүп, өзүнүн мамлекеттүүлүгүн түптөй алды. Аны ынтымактын, биримдиктин, эрдиктин күчү менен сактап калды. Өлкөнү өнүккөн өлкөгө айлантуунун жолун ачып берди.

Эгемендүүлүктү туу тутуп, улуттун нарк-насилин, калкыбыздын каада-салтын, жарандык баалуу сапаттарын өстүрүү, өнүгүү уңгулуу жолуна түшмөйүнчө ийгиликке жетүү кыйын экени түшүнүктүү болуп калды.

Ошондуктан, урматтуу президент Садыр Нургожоевич! Сиздин 2024-жылдын 18-декабрында чыккан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” деген жарлыгыңыз жана “Улуттун деми – Уңгу жол” деген китебиңиз абдан керек жана өз убагында чыкты деп эсептейм. Себеби, жарыяда айтылгандай, элибиз акыркы жылдары улуу кыргыз эли аздектеп келген улуу жолдон башка жолго, таштак жолго, тайгак жолго түшкөн сыяктуу. Эгемендүүлүктүн, эркиндиктин берген мүмкүнчүлүктөрү көпчүлүктүн колунан азчылыктын колуна өтүп кетүү коркунучу көзгө көрүнгөндөй болууда. Ошондуктан, уңгу жол – доордун, мезгилдин талабы, элибиздин муктаждыгы деп эсептейм.

Ала-Тоодон 

улуу тоого көчөлү,

Улуу жолдон 

уңгу жолго өтөлү.

Уңгу жолдун 

деми менен өсөлү.

Уңгу жолдун 

барактарын ачалы,

Окуп алып

мазмунуна баталы.

Колуңдагы “Улуттук демди”

Окубасаң каласың сен

“Дүйнөлүк бийиктен” кем.

Манасымдын үчилтиги, 

Элибиздин уңгу жолу. 

Кыргызымдын уңгу жолу, 

Элибиздин бийик ою. 

Ынтымактын ыйык жолу, 

Өнүгүүнүн туура жолу, 

Улутумдун улуу жолу, 

Улуулуктун уңгу жолу, 

Изденүүнүн жалгыз жолу, 

Бактылуунун багыт жолу. 

Кыргызымдын Ала-Тоосу, 

Уңгу жолдун эшиги. 

Кыргызымдын Улуу-Тоосу, 

Уңгу жолдун бешиги. 

Үстүндөгү асманы, 

Уңгу жолдун атасы. 

Астындагы кыргыз жери, 

Уңгу жолдун энеси. 

Көлүндөгү немеси, 

Уңгу жолдун кемеси. 

Көрүнүп калды уңгу жолдун 

Элеси эмес денеси. 

Өнүгүү жол дегениңиз – 

Бабалардан калган жол.

Бул жолго чыкканда,

Бата алып чыккан оң!

Уңгу жолдо баратканда

атчан киши жөөгө, 

эркеги аялга, 

жаш киши улуусуна

ачып берген уңгу жол. 

Жолоочусу жолукса, 

саламдашкан уңгу жол. 

Тилемчиси кезиксе, 

ырыскысын бөлгөн жол. 

Жол жээгиндеги даракты, 

кыйдырбаган уңгу жол. 

Уңгу жолго чыкканда 

Ырбаттырган уңгу жол. 

Уңгу жолдогу адамды

Ырдаттырган уңгу жол.

Улууларды урматтап 

Сыйлаттырган уңгу жол. 

Ата-бабам кылымды

карыттырган уңгу жол.

Миң адам жолго

чыкса да, 

Бир башчы баскан 

Уңгу жол! 


Миталип Мамытов, Кыргыз Эл Баатыры, академик 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер