Ленара Ниязбекова: “Ун, дандын кымбатташы менен башка азыктардын да баалары өсөт”
“Кыргызленд” экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти менен маек.
-- Жыл жаңыргандан кийин тамак-ашка, дан азыктарына болгон баанын көтөрүлүүсү тууралуу айтылууда. Карапайым эл кантет?
-- Акыркы эки жылда тамак-ашка болгон баа динамикасы улам жогорулап келе жатат. Пайыздык катыш менен айтканда, көптөгөн тамак-аш, анын ичинде ун, дан азыктары дээрлик 100 пайызга чейин кымбаттады. Мисалы, эгерде сапаты жакшы нандар 45 сом турган болсо, бүгүн 85 сом. Албетте, ун, дан азыктарынын кымбатташы менен башка азыктар да кымбаттайт. Бүгүн маркеттерге кирсеңиз, сүт, эт азыктарынын да кескин кымбаттап кеткендигине күбө болосуз. Элибиздин социалдык-экономикалык абалын жана мигранттардын жагдайын эске алсак, анда аткаруу бийлиги бул тенденцияларга үстүртөн гана баа берип коюудан сактануусу абзел. Себеби, ушундай саясый-экономикалык абал элдин социалдык турмушунун начарлашына, жакырчылыктын өсүүсүнө себепкер болот. Мисалы, жылдан жылга жакырчылыктын катары улам көбөйүп бара жатат.
Жаңырган жылда улуу-кичүү дебей жакшылык тилеп, жакшылыктан үмүт кылалы. Учурда аалам тездик менен өзгөрүп баратат. Келерки жылы дүйнө жүзүндө жана мамлекетибизде көп өзгөрүүлөр болот. Дүйнөдө болуп жаткан геосаясый абал, мамлекеттин ичиндеги айрым бурулуштар жаңы багыттарга, талаптарга, алгылыктуу мамилелерге, жаңыча көз караштарга, өзгөчө коопсуздук жана кыраакылыкка муктаж болот.
Жаңырган жыл тынчтыкка, ынтымакка толгон, куттуу, баяндуу болсун!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити