Кенжебек Бокоев: “Санарип кезде облустук деңгээлди жоюу – заман талабы”

-- Акимдерди ротациялоо боюнча кандай пикирдесиз? Иш жыйынтыгы болобу?
-- Акимдер эмнени чече алат? Бийлик административдик-территориалдык реформа башташы керек. Полномочие берип, ирилештирүү шарт. Облустук УКМК, ички иштер бөлүмүн, прокуратураны жоюу зарыл. Күчтүү 25 (болжолдуу) аким түз премьер, президент менен иштеши шарт. Райондук прокурор түз башкы прокурор менен, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги түз министр менен иш алып баруусу керек. Эффективдүү башкаруу менен санарип заманда облустук деңгээлди жоюу зарыл. Шаар мэри менен айыл өкмөт башчысын эл түз шайлап, отчетту жергиликтүү курултайга бериши керек. Аким райондук курултайга отчёт берет, президент элдик курултайга отчёт берет. Ушул программа ишке ашса, өзгөрүү болот. Элде ишенич болот. Отчеттуулук орнойт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити