Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан ПРИМОВ, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Керек болсо салык кодексине элүү, жүз жолу да өзгөртүү киргизишибиз мүмкүн”

Улан ПРИМОВ, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Керек болсо салык кодексине элүү, жүз жолу да өзгөртүү киргизишибиз мүмкүн”

07-октябрь, 11:07
404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улан мырза, Жогорку Кеңештин бир жыйынында кээ бир региондорго салыктын айрым түрлөрүнөн жеңилдик берилсе да, ал натыйжа бербей жатканы айтылды эле. Эмне үчүн бул чара натыйжа бербей жатат деп ойлойсуз?

-- Чындыгында айрым ишканаларга жеңилдик берүү максатында, кайсы бир тармактар өнүксүн деп салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулган. Ал эми натыйжа бербей жатканынын себеби, ага түрткү болуш керек да. Жардам зарыл. Эртеби-кечпи, сөзсүз түрдө ал өз натыйжасын берет. Кошумча иш орду түзүлөт, кандайдыр бир кубаттуулукка жеткенден кийин салыктарды кайра кайтарат. 

-- Анда “региондор бошотулду” деген туура эмес маалыматпы?

-- Бүгүнкү күндө биз, депутаттар чек арадагы райондорду, алыскы тоолуу  аймактарды салыктан бошотуу боюнча өкмөткө маселе коюп жатабыз. Себеби, ал жерде иш жоктугунан ички миграция күч алып, жаштар сыртка көп кетип атат. Ошол ички миграцияны токтотуу максатында аларга салыктан жеңилдик берүүнү  күн тартибине киргизип атабыз. Бирок, азырынча ал ишке аша элек. 

-- Эки жылдын ичинде салык кодексине 25 өзгөртүү, толуктоо киргизилиптир. Балким, кээ бир коллегаларыңыз айткандай, өзгөртүүлөргө мароторий жарыялоо керектир?

-- Бул тынымсыз жүрүп турчу процесс. Дүйнө жүзүндө экономика глобалдаштырылып жатат, ЕАЭБдин алкагында да бул багытта көп өзгөрүүлөр болууда. Аларга шайкеш келтирүү үчүн керек болсо биз элүү, жүз жолу да өзгөртүү киргизишибиз мүмкүн. Мезгил талап кылса, салык саясаты ийкемдүү болушу үчүн биз ошого да даяр болушубуз керек. Салык системасын жеңилдетүү, салыкты көбүрөөк чогултуу, өндүрүштү көмүскө экономикадан чыгаруу  максатында ушундай иш-аракеттер жүрүүдө. Дагы бир жолу кайталап айткым келет, бул турмуштук зарылдык. 


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер