Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Осмонакун Ибраимов: “Мадумаров кичинекей Сталин имиш. Жок, ал баягы эле Адахан...”

Осмонакун Ибраимов: “Мадумаров кичинекей Сталин имиш. Жок, ал баягы эле Адахан...”

01-октябрь, 23:06
1 324 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Осоке, парламенттик шайлоого аз күн калды. Бул жааттан күнгөй-тескейинен, алдыга озгонунан же аксак-тескегинен кеп салсак не? Сынчыл көз карашыңыз табында болсо керек?..

-- Бул күндөр жумурткадан кыр издеп, айдын бетинен кара так тапкан, сиркеси суу көтөрбөгөн мезгил. Бирок, бул да өтөт. Эселек балдардай бири-бирине күл чачышып урушкандар эртең саламга келет. Бирок, акыйкатсыз айтылган ачуу сөз тамакка сайылган кылкандай далайга жүрөктө калат. Ошондуктан обу жок оройлонбойлу. Ажылдашпайлы. Марат Аманкуловду жок эле жерден эл душманына айлантып, убара болбойлу. Ал силер сыяктуу эле кыргыздын намыстуу жигиттеринин бири. Мадумаров кичинекей Сталин имиш. Жок, ал баягы эле Адахан, убагында жакшы депутат болгон. Өтсө өтсүн, адатынча кара шакылдагын какылдатып. Зыян болбойт. Айрыкча азыркы тили чоркок, кемчонтой, билимсиз заманда. Дагы бир канча татыктуулар жүрөт ар кайсы партияларда. Рыскелди Момбеков кайра депутат болуп келсе жаманбы? Келсин. Шыкмаматов да абдан бышкан саясатчы. Улукбек Кочкоров деген жигит премъер-министрликке жарай турган кадрдай байкалат. "Биримдиктин" белдүү азаматтарынын бири. Мыкты министр болду. Кыздар жүрөт чойкойгон, “депутат болом” дешип. Колдойлу. Жаштар жүрөт нечен, Жанарды жандап. Болсун! Бизнестин тишин чаккан, карандай таланты менен элди багып келаткан Шаршенбек Абдыкеримовдой азаматтардын келишин колдойлу. “Ырас, акылым аз, тилим кекеч болгон менен акчам саман” дегендер да жүрүшөт, “салсаң да, салбасаң да сатып алам” дешип. Ошолордон сак бололу. Ошолорго атырылалы. Шайлоо идеялардын эмес, капчыктардын жарышына кетип баратат. Шайлоону кыпкызыл "купля-продажага" айлантып аткандар Кыргызстанды 3-революцияга алып келеби (?) деп коркосуң. Азыр элдин кабыргасы жукарып, чынтийбес болуп турган учуру, ушуну унутпайлы. Демейде эшиктен кетпеген прокурорлор менен бирдеме көрсө бытпылдык тапкандай баса калчу милийсалар, кайда житип кеттиңер?!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер