Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтын Рысбекова: “Адам кирешесин так айта алат, чыгашасы канча экенин билбейт”

Алтын Рысбекова: “Адам кирешесин так айта алат, чыгашасы канча экенин билбейт”

03-ноябрь, 19:28
1 718 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Финансылык сабаттуулук боюнча тренер-коуч, психолог Алтын Рысбекова финансылык коопсуздук үчүн тапкан каражаттын 10 пайызын сакташ керектигин айтты.

Анын айтымында, адам каражат жактан көз карандысыз болушу үчүн финансылык сабаттуулук боюнча китептерди окуп, биринчи кезекте мээни байытышы керек.

“Биздин эл ала элек айлыгын эрте эле бөлүштүрүп, ар кайсы нерсеге коротуп жиберет. Шаардыктар “айлык алганда берем” десе, айылдыктар “күздө мал түшкөндө эсептешерин” айтышат. Учурда көпчүлүк кирешесин так айта алат, ал эми чыгашасы канча экенин билбейт. Бул жерде эң негизгиси, тапкан акчаңан коротконуң ашып түшпөш керек. Финансылык жактан сабаттуу болом десеңиз, кирешени жана чыгашаны туура анализдеңиз. Чыгашалардын санын мүмкүн болушунча кыскартууга аракет кылуу зарыл. Кирешени жана чыгашаны жазып турган оң. Мисалы, үч ай акчаны каякка жумшаганыңызды жазсаңыз, дароо керексиз чыгымдар белгилүү болуп калат. Ошентип алган айлыктан ашырып калып, кийинки чоң максаттарга чогултуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Ашыкча каражат бул финансылык жаздык деп аталат. Адатта бул жарым жылга жеткидей болушу керек. Жашоодо ар кандай абал болуп калышы ыктымал. Мисалы, кокусунан 2020-жылдагыдай пандемия башталып, же жумушсуз калсаңыз, кийинки киреше тапканга чейин жашап турууга каражатыңыз болот. Эгер финансылык сабаттуулукту жоюп, каражат чогулта алган болсоң, кийинки баскыч – аны көбөйтүү. Эң жакшысы, банкка салып же болбосо бизнеске жумшаса болот деди Рысбекова.

“Спутник кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер