Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыдыгалиевдин жалган айтканы сотто далилденеби?

Сыдыгалиевдин жалган айтканы сотто далилденеби?

27-июнь, 10:39
2 489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Депутат Нурбек Сыдыгалиев “Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы директору, азыркы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Кайрат Маматовго карата дооматтарды келтирип, жакындарын ишке алуу жана акча маселеси боюнча кине коюп чыккан эле. 

     Көп өтпөй Кайрат Маматов жооп кайтарып, “Кыргызкөмүрдү” жетектеп турганда ишкана карызын жаап, кирешеге чыкканын билдирген. Ошого катар жетекчи болгондо өз командасы менен барып иштегенин, бирок туугандарын жумушка албаганын тактап, “Азаттыкка” мындайча айткан:

“Мирлан Жакыпов мага чейин “Кыргызкөмүргө” үч жолу директор болуптур. Кылмышка айыпталыптыр, кармалыптыр. Бүгүнкү күндө Сыдыгалиевдин кеңешчиси болуп, жанында жүрөт. Бул жагы коомчулукка өзүнчө белги болуп атпайбы. Эмнеге дегенде “Кыргызкөмүрдүн” ишине киришип жатат. Депутат катары бул мыйзам менен чектелген. Айтса болот, маалымат суратса болот. Эсеп палатасына кайрыла алат. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Баары текшерсин. Биз баардык материалды бергенбиз. Нурбек Сыдыгалиев өзү суранып, лобби кылып жүргөн кызматкер Талант Скандербеков “Кара-Кече” филиалында директор болчу. Аны жазында Сыдыгалиев өзү да түз чыгып, министр аркылуу да байланышып суранып, кызматка койгонбуз. Кийин бухгалтерия жагынан ушундай маселе чыгып калды. УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы 50 миллион сом боюнча иш козгогон. Ал боюнча иш жүрүп жатат. Дагы бир көйгөй, 25 миллион сом боюнча да мен кызматтан кеткенден кийин суроолор болсо керек. Азыркы жетекчи органдарга кайрылып, келтирилген зыянды толуктап бергиле дегени туура деп ойлойм”.

     Дал ушул билдирүүдөн соң, Сыдыгалиевди кандайча түшүнөбүз? Беттырмарлык кылып, оюн кыла бербей, өзүн күзгүдөн бир карап койсо не? “Маскасын чече турган убак” келди го... Маматов чындыкка жетүү үчүн Сыдыгалиевди сотко берерин билдириптир. Ушул демилгесинин аягына чейин чыгышы зарыл. “Калптын казаны кайнабайт” деген мисалды реалдуулукта көрөлү. Элибиз эки анжы ойдо калбашы керек... 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер