Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанбакты жазуучулар менен “балык” академиктер

Жанбакты жазуучулар менен “балык” академиктер

21-январь, 12:00
581 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздө чарбалык, экономикалык, каржылык, өндүрүштүк көйгөйлөрдөн тышкары, жалпы элдин, мамлекеттин тагдырына байланышкан көйгөйлөр көбөйдү. Убагында бул сыяктуу толгоосу жеткен маселелерди Камбаралы Бобулов, Асанбек Стамов сыяктуу эр көкүрөк жазуучулар, топ жарган Дүйшөн Маматканов, Жаныбек Шаршеналиев сыяктуу академиктер жалтанбай айтып, бийликтин алдына маселени кабыргасынан коюп, элдин таламын талаша турган. Азыр эмне көп? “Эл акыны”, “эл жазуучусу” наамын алгандар көп, таш ыргытсаң академиктин башына тийет. Бирок алардын баары оордун үстү, жеңилдин асты менен жүргөн жанбакты жазуучулар, өзүнүн кара башын гана ойлогон “балык” академиктер экен. Алардын көбү бул наам өлкөнүн, элдин алдында эмнеге милдеттендирерин, кандай жоопкерчилиги бар экенин деле түшүнбөй, “анака-мынака” деп жүргөн ыргылжың, кайдыгер немелер окшойт. Болбосо өлкөнүн, элдин керегине жарабаса, андай “эл жазуучусу”, “эл акыны”, “академик” деген наамды эмнеге жанталашып, буту үзүлгөнчө чуркап жүрүп алышты? Башкасын кой, элдин баары тумоологон пандемияда, элдин жүрөгүнө так салган каргашалуу июнда баш көтөргөн эч кимиси болгон жок. Ал эми эл башына күн түшүп турган Баткен окуясы болгондо жазуучулар же академиктер элге кайрат айтканга жарашкан жок, биринин оозунан “лам” деген сөз чыккан жок, ой тобоо! Кан төгүлүп жатса кайдыгер карап турган мындай балыкка окшоп унчукпас жижиң калем жазуучулардын, арабөк академиктердин деги кереги барбы? Аргасыздан ушундай суроо өзүнөн өзү пайда болот.

Бийликке кошомат айтуу жагынан булар алдына киши салдырбайт, биринен экинчиси сөз талашып, жарышышат. Бирок, көйгөйдү, чындыкты айта алышпайт. “Илимдер академиясын оптимизация кылыш керек” деген маселе коюлганда, ошол “балык” академиктер оозунан шилекейин чачыратып, “илим керек” деп кыйкырып чыгышты. Же кыйраткан иштери, же бир жасаган ачылыштары жок, жеген нанын актай албаган академиктерди бюджеттин эсебинен багуунун зарылдыгы барбы? Жалпы элдин көйгөйүнө келгенде “дудук” болуп отурушканын, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөнүн өздөрү кашкайтып далилдеп жатышпайбы? Өз көмөчүнө күл тартып, “эл эмне болсо ошол болсун” деп жылуу үйүндө отурган академиктердин бул кылыгы кандай? “Өзүмдүкү дегенде өгүздөй кара күчүм бар, өзгөнүкү дегенде ана-мына ишим бар” деген ушул эмеспи... Кара башын гана ойлогон жазуучуларга, академиктерге кор болгон кайран наамдар! 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер